Кулубаев ЖККУнун Башкы катчысы менен жолугушту

0
3134

Жээнбек Кулубаев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Башкы катчысы Таалатбек Масадыков менен Бишкекте жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар учурдагы эл аралык кырдаал жана уюмдун жоопкерчилик аймагындагы абал боюнча кеңири пикир алышты.

Башкы катчы азыркы геосаясий кырдаал жана жаралган чакырыктарга жооп кайтаруунун мүмкүн болгон жолдору тууралуу маалымат берди. Анын ичинде 2026-жылдын июнь айында Казан шаарында өтө турган ЖККУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына даярдык маселелери талкууланды.

Ошондой эле ЖККУ Секретариатынын ишмердүүлүгү жана уюмдун алдыдагы иш-чаралары тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары, тараптар заманбап коркунучтарга каршы аракеттенүүдө Шанхай кызматташтык уюму, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги жана Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу эл аралык жана аймактык уюмдар менен кызматташууну тереңдетүү маселелерин да талкуулашты.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз