Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Чолпон-Ата шаарындагы Мамлекеттик резиденциясында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн (РАТС) Кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды.
Жыйынга Беларус, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын компетенттүү органдарынын жетекчилеринин орун басарлары, ошондой эле ШКУ РАТС Аткаруу комитетинин директору катышты.
Камчыбек Ташиев ШКУга мүчө мамлекеттердин терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөшүүдөгү биримдигин жогору баалап, Кыргызстандын төрагалыгы алдында өткөн Кеңештин 44-отурумунун ийгиликтүү жыйынтыкталышын белгиледи. Ошондой эле 2025–2026-жылдары ШКУга Кыргызстандын төрагалыгы алкагында өтө турган бир катар расмий иш-чараларды баштап берди.
Ал эл аралык терроризмге каршы күрөшүүдө Кыргызстандын принципиалдуу позициясын баса белгилеп, ШКУ РАТСтын биргелешкен аракеттерди координациялоодогу маанилүү ролуна токтолду. Приоритеттүү багыттар катары:
-
маалымат алмашууну күчөтүү,
-
террористтердин жасалма интеллектти жана кибермейкиндикти колдонушуна каршы туруу,
-
биргелешкен машыгууларды өткөрүү,
-
радикалдашуунун алдын алуу белгиленди.
Мындан тышкары, ШКУ алкагында жаңы структураларды түзүү маселеси каралды. Атап айтканда, Бишкекте Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун ачууга өзгөчө көңүл бурулду. Кыргызстан аймактык коопсуздукту чыңдоого жана координациялык механизмдерди модернизациялоого олуттуу салым кошууга даяр экени баса белгиленди.

