Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Малайзия парламентинин Сенатынын төрагасынын орун басары Нур Жазлан Мохамадды кабыл алды. Ал Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында келди.
Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарын, парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Малайзияны Түштүк-Чыгыш Азиядагы маанилүү өнөктөш катары караарын белгилеп, саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, билим берүү, туризм жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин айтты. Ошондой эле жакында Малайзияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгында бир катар маанилүү документтерге кол коюлганын, ал эми парламенттер аралык байланыштар узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн стратегиялык элементи экенин эске салды.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын акыркы жылдардагы экономикалык өсүшүнө, санариптик технологияларды киргизүүгө, инфраструктура, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарын өнүктүрүүгө токтолду. 2024-жылдан тартып кыргыз-малайзиялык кызматташтыктын активдешүүсү менен эки тараптуу соода жанданып жатканын кошумчалады.
Өз кезегинде Нур Жазлан Мохамад Малайзия парламент жетекчилеринин саламын жеткирип, өткөн сүйлөшүүлөрдүн конструктивдүү мүнөзүн белгиледи. Ал эки өлкөнүн парламенттеринин ортосунда достук тобун түзүү ниетин билдирип, Кыргызстан менен кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экенин айтты. Ошондой эле 2009-жылы Кыргызстанга келип кеткенин эскерип, бул сапар Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында өлкөдө жүрүп жаткан оң өзгөрүүлөргө ынанууга мүмкүнчүлүк бергенин белгиледи.

