Башкы беткеМаанилүүБишкекте ШКУ саммитинин жыйынтыктары талкууланууда

Бишкекте ШКУ саммитинин жыйынтыктары талкууланууда

Сентябрда Тяньцзиндеги саммитте ШКУга төрагалык кылуу миссиясы Кытайдан Кыргызстанга өттү . Ушундай шартта бул иш чара чоң саясий-дипломатиялык мааниге ээ жана символикалуу, деп билдирди Кыргыз Туусу гезитинин башкы редактору Алмаз Кулматов.

2025-жылдын 11-сентябрында Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин жыйынтыктарына арналган брифинг жана «80 жылдык Жеңиш – Кытай элинин Жапон баскынчыларына каршы күрөшү жана Дүйнөлүк антифашисттик согуш: тарых сабактары жана келечек үчүн жоопкерчилик» аттуу илимий-практикалык конференция өттү.

Иш-чарага Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин, КРнын мурдагы тышкы иштер министри жана саясат таануучу Аликбек Джекшенкулов, тарыхчы жана мурдагы парламент спикери Зайнидин Курманов, элчи Канайым Бактыгулова, окумуштуу Доолотбек Сапаралиев жана б

ашка эксперттер катышып, өз ойлорун бөлүшүүдө.

Иш-чараны Кыргыз Туусу менен, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги биргеликте өткөрдү

.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар