Башкы беткеМаанилүүДимаш Кудайберген Ысык-Көлгө келди

Димаш Кудайберген Ысык-Көлгө келди

Казакстандык дүйнөлүк деңгээлдеги ырчы, өзгөчө үнү менен таанылган Димаш Кудайберген Ысык-Көл жээгиндеги Чолпон-Ата шаарына келди. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев маалымдады.

Димаш Кыргызстанга IV эл аралык «Мейкин Азия» музыкалык фестивалына ардактуу конок катары чакырылган.

Султан Раевдин айтымында, Димаш Кудайберген 2013-жылы дал ушул фестивалда Гран-прини жеңип алган жана андан бери биринчи жолу — 12 жылдан соң Ысык-Көлгө келиши.

«Мейкин Азия» фестивалы түрк тилдүү элдердин жаш таланттарын чогултуп, алардын чыгармачылыгын колдоо максатын көздөйт. Бул жолу фестивалга катышкан өнөрпоздор жана келген коноктор Димаш менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар