Башкы беткеСаясат жана коомКоомАвтобустарда бөбөк арабаларына акы алынганы мыйзамдуу

Автобустарда бөбөк арабаларына акы алынганы мыйзамдуу

Бишкек мэриясына караштуу Транспорт департаментинин жетекчисинин орун басары Алмаз Алымбеков коомдук транспортто айдоочунун жүк катары бөбөк арабасына кошумча акы талап кылганы мыйзамдуу экенин Клоопко билдирди. Анын айтымында, бул боюнча 2022-жылы Бишкек шаардык кеңеши кабыл алган токтом бар.

Ага ылайык, эгер жүргүнчүнүн жүгү 1 метрден узун, туурасы 50-60 сантиметрден чоң же салмагы 40 килограммдан ашса, кошумча 17 сом төлөнүшү керек. Бул талап бөбөк арабаларына да тиешелүү.

«Жүккө бөбөк арабасы деле кирет. Кандай нерсе болбосун белгилүү бир өлчөмдөн ашса, жүк болуп эсептелет. Автобустун ичинде бөбөк арабасы жана майыптыгы барлар үчүн атайын бөлүнгөн жай бар. Ошол белгини айрымдар бөбөк арабалары үчүн бекер деп түшүнөт экен. Ал атайын эрежеге ылайык көрсөтүлгөн эле белги»,— деди ал.

Буга чейин автобустун айдоочусу бөбөк арабасы үчүн кошумча акы талап кылганы тартылган видео соцтүйүндө талкуу жараткан.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар