Башкы беткеСаясат жана коомКоом“Кыргыз Туусу” гезитинин демилгеси уланат

“Кыргыз Туусу” гезитинин демилгеси уланат

Жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити менен КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги уюштурган “Жаңы технологиялар доорунда мамлекеттик кызматта сүйлөө жана жазуу маданияты” деп аталган тегерек стол болуп өттү.

Аталган агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев мамлекеттик кызматкердин коом алдындагы жоопкерчилиги, жүрүм-туруму жана коммуникациялык маданияты бүгүнкү күндө өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи. “Кыргыз Республикасынын Президентти Урматтуу Жапаров Садыр Нуркожоевич өлкөбүздү өнүгүүгө жетелеп бара жатканда, биз да тилди таза кармоо, мамлекеттик иш кагаздарын туура жана маданияттуу жүргүзүү, элге сылык мамиле кылуу, патриоттуулук менен иштөө аркылуу өз салымыбызды кошушубуз керек. Бул – биздин жарандык парзыбыз”- деди К. Базарбаев.

Иш-чарага бир нече министрликтердин өкүлдөрү катышып, алар азыркы учурда мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилинде  сүйлөө жана жазуу маданияты көңүл бура турган орчундуу маселе экенинин белгилешти. Ошондой эле, кеп маданияты боюнча ар бир мамлекеттик мекемелер үчүн ушундай тегерек столдорду, семинарларды, атайын окууларды өткөрүү зарыл экенин айтышты.

Эске салсак, “Кыргыз Туусу” гезитинин демилгеси менен буга чейин “Медиа мейкиндикте сүйлөө жана жазуу маданиятынын актуалдуу маселелери” деген аталышта ЖМК өкүлдөрү, басма сөз катчылары жана ЖОЖдордун мугалимдери катышкан кереге кеңеш өткөн.

 

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар