Башкы беткеАктуалдуу маек“Манас” – биздин уңгубуз, кылымдар топтогон акылыбыз, арка-жөлөк болор ар-намысыбыз”

“Манас” – биздин уңгубуз, кылымдар топтогон акылыбыз, арка-жөлөк болор ар-намысыбыз”

Жуңголук кыргыз илимпозу, профессор Макелек Өмүрбайды гезитибиздин окурмандары жакшы билишет. Убагында Макелек аба гезитибиздин туруктуу авторлорунан болуп, адабий темаларда талкууларга катышып, тил боюнча, улуттук каада-салт боюнча омоктуу ойлору менен бөлүшүп турчу.
Бул жолу Макелек аба менен «Манас» эпосунун тегерегинде маектештик. 

– Макелек аба, сизди көргөнүмө аябай кубанычтамын. Ат көлүгүңүз аман-эсен келип алдыңызбы? Эл-жер аман, мал-жан эсен, эсенчиликте турасыздарбы?

– Аманчылык. Эл-журт аман, мал-жан эсен. Менин бул жакка келатканымды уккандар эл-журтка ысык салам дубайларын жолдошту.

– Кыргызда «Башканы коюп Манасты айт» дейт. «Манастан» кеп кылсакпы деп турам. Мындан он жыл илгери Чоң-Алайга чогуу бараткан жолдо «Манасты» эмне үчүн айтат дейт, эмне үчүн ырдайт деп айтпайт деп сураганыңызда жообум жок болуп калды эле. Азыр деле ал суроонун жообун таба электеймин. Эми ошол суроону өзүңүзгө берсем дейм.

– Бул өтө терең маселе. «Манас» – биздин уңгубуз. «Манас» – биздин тамырыбыз. «Манас» – үзүлгөндү улаган учугубуз, чачылганды жыйнаган камкорчубуз. «Манастын» сыры, түйүнү — анын өзүндө. Улуу элдин улуу жомогу оболу кошок түрүндө айтылган. Кошокту ырдабайт, кошокту кошот, үн салат. Бул бир. «Манас» – улуу сөз, улуу жомок. Жомокту, баянды ырдабайт, айтат да.

Эмне үчүн кыргыз гана манас айтат? Эмне үчүн кыргыздар гана кылымдардан кылымга «Манас» менен келди? Мунун баары азыр да мага купуя нерседей туюла берет.

Дүйнөдө не бир түркүн эл бар, не бир түркүн улут бар. Алардын да «Илиада», «Одиссея», «Алпамыс», «Гильгамеш тууралуу эпос», «Беовульф», «Нибелунгдар жөнүндө ыр», «Калевала», «Роланд жөнүндө ыр» өңдүү не бир руханий мурастары, эпос-тору бар экени белгилүү. Бирок ошолордун арасында эл арасында тирүү жашап келатканы – бул «Манас» жомогу болду. Ал атадан балага, муундан муунга айтылып, мазмуну бар, айтуучусу бар, угарманы бар «тирүү» жашап келатат.

«Манас» – кыргыздын чогултулган акылы, Акыл топтому. Жаңы тилде «Манас» – кыргыз жашоосунун энциклопедиясы деп келет, мен «Манас» – кыргыз элинин жашоо «билим китеби» деп которуп айтып келем. Чындыгында эле, «Манас» кылымдардан бери келаткан ата-бабалардын бүтүндөй жашоосу. Анда кубанычы да, ыйы да, муңу да, кыялы да, умтулуусу да, баары бар.

Жашоо деген эмне? Жашоо –  бул түбөлүк кыймыл. Жашоо үчүн акыл керек болот. Билим керек, жашоого болгон кумары, өзүн өзү ичтен сүрөгөн деми, күчү керек. Акыл деген сөздүн өзүн алсак, адамга акыл кийин кирет, акыл азуу чыгат. Акыл тубаса эстин турмуш билими жана окуу билими аркылуу кирет экен, Кыргызда акылы бар, эси жок деп айтылат. Эс бир жагынан кыраакылыкты, сергектикти көрсөтүп калган учуру да болот. «Манас» жомогунда да бул сөз айкашы өтө көп колдонулат. Акыл-эстин үстүнө толуктанып турат. Бул аң-сезим менен бейаң сыяктуу бири-биринен ажырагыс түшүнүктөр.

Кыргыздын улуттук акылы-эси, ары, намысы, кыялы, үмүтү — «Манаска» чогултулган. Мен ушунун тегерегинде көп ойлонуп, «Манас акылы» аттуу китеп жазгам. Анда көп ойлор айтылган. Аны улам тереңдетип, «деги «Манастын» акылы кайда?» деп издеп келе жатам.

Чыңгыз Айтматов агабыз «Күн сайын адам болуу» жөнүндө айткан эмеспи. Биз, кыргыздар «Манасы» жок күн сайын адам боло албайбыз. Биз – «Манасыбыз» менен каадалуу адамбыз, «Манасыбыз» менен бүтүнбүз. «Манасы» жок –  жартыбыз, «Манасы» жок –  мукурбуз.

– Сиздин «Манас» тууралуу ойлоруңуз дайыма кызык. Дайыма күтүлбөгөн жаңы ойлорду айтасыз. Мына, бул жолу «Манас» –  ынтымак, биримдик, деген аныктаманы көтөрүп жатасыз. «Манастын» күчү, касиети эмнеде?

– Адам баласында «Канткенде адам уулу адам болот?» деген түбөлүк бүтпөгөн улуу талаш (Ч.А) деген аныктаманы берип кетти. Адам – акылы менен, эси менен, ары менен, намысы менен адам болот деген чен бар. Ансыз адам нарктуу адам боло албайт. Бир нерсени кыялданбаган адам адамбы? Үмүтү жок жашаган эл, үмүтү жок жашаган адам – адамбы?

Бизге аны алыстан издеп кереги жок. Жашоонун акылын «Манаска» топтоп, жыйынтыктап койгон. «Манаста» – ар да, намыс да, адамга керектүүнүн баары табылат. Ошентип, «Канткенде адам уулу адам болот?» деген түбөлүк табышмактын жандырмагын «Манастан» издеп жатабыз. «Манастын» өзөктүү, негизги идеясы – биримдик, ынтымактык. Биримдик улуттун ички уюшуу каражаттары, атап айтканда, бирдиктүү жергеси (Ата Журту), бирдиктүү кийими, бирдиктүү тамак ашы, бирдиктүү тили, бирдиктүү салт-санаасы, бирдиктүү руханий маданияты болууну көрсөтсө, ал ынтымак улуттун жашоо чөйрөсү менен ынтымак өтүүнү, ынтымак жашоону көрсөткөн. «Манас» атабыз ушул негизги идеяны аткаруучу, ал «Манастагы» бардык эле кейипкерлер, жөрөлгөлүү окуялар бүт ушул негизги идеянын ажаты менен куралган болот. Манастын баатырлыгы чачылганды жыйнап, «Талас – Манас» аталган элдин жергесин бирдиктүүлүккө алып келгенин, алды менен эске салуу керек. Манас кезинде, улуттук кийим, улуттук тамак аш, улуттук тил, улуттук салт-санаа бирдиктүүлүккө, биримдикке келүүгө жетишкен. Ал ынтымак жагында, Манас кырк чоро куроо акылы аркылуу башка эл, урууларды ынтымакка тартып (Сагымбай манасчынын айтымында, 26 башка эл, 16 уруудан чоро кураган), дагы элдер менен дос болуу, куда болуу, элдешүү, эл менен кенен барды-келди жасоо (чоң мааракелер өткөрүп) ыңгайлары аркылуу ынтымак түзүп (сырткы жети хан негиз), мамлекеттин чөйрөсүн ынтымактык менен бекемдеп, элге тынчтык шарт, тынч чөйрө жаратып берген. Манас-тын урпактарына калтырган жашоо акылы, жасаган иштери ушул негизги идея болгон деп айтса болот.

Ал мындан эртеде, «Манаска» аныктаманы 19-кылымда, атап айтканда, 1857-жылы Чокан Уалиханов биринчи болуп, «Кыргыз элинин жашоосунун энциклопедиясы» деген аныктаманы айткан, артынан В.Радлов өз аныктамаларын ортого койгон. Кийин адабияттык чен боюнча «Манас» – баатырдык эпос» деген аныктама менен «Манас» таануу жүрүп кетти. Туура, эпосто баатырдык даңазаланат. Бирок баатырдык дегенде эмнени түшүнөбүз. Карапайым түшүнүктө, бул душман менен болгон куралчан кагылышуу дегендик. А «Манас» жомогу кагылышуу, согуш эпизоддорунун топтому эмес. Ал болгону, баатырлык окуялар менен улуу «Манас» жомогунун негизги идеясын ачып, жашоо билимдерин топтоп койгон.

Манастын баатыр болушу, мурдагы ажолор, хандардын эки чоң жөндөмү болгон. Бири – алар күч жагынан баатыр болуу керек. Анын күчү, айбарынан өз да, өзгө да аянуу жөндөмү болуп, батынып кол сала албагыдай баатыр болушу абзел болгон. Дагы бир кан менен кошо келген касиети – ал акылмандыгы, көрөгөчтүгү, көсөмдүк жөндөм болушу талап кылынган. Баатыр көсөм болбой, акылман болбой, ал эл-журтуна тең караган, калыс бийлеген ажо же хан боло албайт деген карашты карманган илгерки бабалар.

«Манас» баатырдык эпос дегенге гана ооп кетип, «Манас» – турмуштук, жашоо энциклопедиясы дегенге жеңил карап, «Манас-тын» негизги идеясы кыргыз жашоосунун, элдин эл болуп бирдиктүү (биримдиктүү) калыптанышынын, түптөлүшүнүн, башына оомат келип, оожалышынын «билим китеби» деген карашка ынанбай кетүүгө болбойт. Бир ооз сөз менен жыйынтыктаганда, «Манас» – элдин акылынын жыйынтыгы, жыйындысы дегенге бекиген утушка алып барат.

Азыр, көбүнчө, Манасчы Манастын согушкан жерин, салгылашкан эпизоддорун айтып, ошону менен өзүбүздү алаксытып калгандай сезимге такап турат. Мурда кыргыздарда баатырлык жөө жомоктор көп чыгарылган. Көчмөн турмушта же театр болбосо, же филармония болбосо, ал да керек болгондур.

Эми ушерде бир нерсени тактап алалы. Жөө жомоктордо баатырлар ажыдаар менен кармашат? Жети баштуу ажыдаар менен… Бул баатырлыкпы?

– Жок, ал баатырлык эмес!..

– Туура айтасың. Бул баатырлыктын дагы бир түрү. Бул болгону, эл-журтту каарлуу табияттын күчтөрүнөн куткаруу, кайсы бир жанды куткаруу. Мында баатырдын ажыдаар менен кармашын башка нерсе катары карабай, бала баатырлардын, эрдигин, табиятка бет келген тууштуулугу катары карасак болот.

– Башкы максат ажыдаарды жоготуу эмес деңизчи?

– Ооба, башкы максат ажыдаарды жоготуу эмес. Башкы максаты — жанды куткаруу (кайсы бир кызды ажыдаар оозунан алып калуу). Мурдагы жомоктордо элдин жоосу ажыдаар, дөөлөр болсо, кийинки жомоктордо алардын ордун баскынчылар ээледи. Ажыдаарды, дөөлөрдү баскынчыларга алмаштырды. Баатырдык максатта кандайдыр өзгөрүү болду.

– Сиз абдан туура айттыңыз, биз көп учурда «Манаска» баатырдык эпос деп, аны жөө жомок катары кабыл алып жатабыз. Түпкүлүгүндө, бул ооп бара жаткан караштай туюлат. «Манас» – купуя сыр дегенге кандай карайсыз?

– Купуя сыр дегенибиз, «Манаста» дагы кандай ойлор катылды экен деген биздин түкшүмөл, изденүү. Биз андан бүгүн биздин акылыбыз жетпеген, бүгүн бизге ачылбаган сырлар барбы деп ойлойбуз. Мына ошолор. Кээ бирибиз тарых жагынан караштырабыз. Айрыкча тарыхчылар. Чачы агарып… Бирөөлөр адабий жагынан карайт. Бирөөлөр «Манастын» тилин изилдешет. Философтор андан не бир идеяларды издеп жатышат. «Манас» түгөнбөгөн казына. Аны тарыхый жагынан карасак да, адабий жагынан карасак да, философиялык жагынан карасак да, улам бир идеялар агылып чыга берет. Тилчи окумуштуулардын кызыкканы – «Манастын» тили кайталангыс, өзгөчө. Бул да аябагандай изилдөөлөрдү талап кылат. Улуттук салт-санаа, нарк-насил жагынан да укмуш сонун нерселерди табабыз. Мына ушуларды камтыган үчүн «Манас» океан деп таң калып бүтпөй жатабыз да. Мына анын купуялыгы, сыры мына ушунда.

«Манас» кандайча пайда болду, жаралды? Ал улутка эмне үчүн керек эле. Улуттун улуу сөзүнүн сыры мына ушул жакта. «Манас» баатырдыкты даңазалап, жалаң согуштук окуяларды айтып, ошону менен эле бүтүп кала турган нерсе эмес. Анда бир улуттун улут болмогу, бир элдин эл болмогу, кыргыз дөөлөтүнүн дөөлөт болмогу тууралуу кеп болот. Канткенде улуттун биримдигин, улуттун чөйрө тынчтыгын сактап калабыз, канткенде элдин жашоо биримдигин сактап калабыз деген түбөлүк суроолордун тегерегинде сөз болот.

Манас дүйнө чогулткан эмес, алтын чогулткан эмес. Ал элди эл кылган, журтту журт кылган. Улутту биримдикке келтирген, түптөгөн. Улуттун улут болуп калышы үчүн күрөшкөн. Анын баатырдык баянынын маңызы ушунда. Анын баатырдыгынын маңызы – башкалар менен салгылашуу эмес, журттун журт болуп калышы кам көрүүсүндө. Ал өмүр бою жоо сайган, өмүрүн согушта өткөргөн эмес. Ал элдин намысын сактап калган, элдин бүтүндүгүн сактап калган. Андагы негизги идеяны – биримдик, ынтымактыкты сактаган баатыр десек болот.

(Уландысы бар)

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар