Башкы беткеРубрикаларАймактарЖумгалда иштебеген жарандарга айлык акы төлөнгөн. Прокуратура иш козгоду

Жумгалда иштебеген жарандарга айлык акы төлөнгөн. Прокуратура иш козгоду

Башкы прокуратура Жумгал районунда мыйзамсыз айлык акы төлөө фактылары аныкталып, кылмыш иши козголгонун билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган райондун прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, 2024-жылы Чаек айыл өкмөтүндө иштебеген жарандарга мыйзамсыз эмгек акы төлөнгөндүгү жана айыл өкмөттүн кызматкерлерине ашыкча айлык эсептелгендиги аныкталган. Мындан улам мамлекетке келтирилген жалпы зыян 845 140 сомду түзгөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар