whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.02.2026
11.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүБотаникалык бакты оңдоо иштери башталды (видео)

Ботаникалык бакты оңдоо иштери башталды (видео)

Бишкек шаарындагы Ботаникалык бакты оңдоо жана калыбына келтирүү иштери башталды. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

«Көп жылдан бери кароосуз калган бул аймак, тилекке каршы, коопсуздугу начарлап, кылмыштар көп катталган жерге айланып калган экен. Жакында эле жапайы жаныбарлар, анын ичинде чөөлөр дагы бул аймакты байырлап калган учурлар катталды. Эми болсо, аталган бакчаларга көңүл бурулуп, айлана-тегереги ирээтке келтирилет. Тосмолор алынып, жарыктандыруу системасы орнотулат, тротуарлар жаңыланып, шаар тургундары менен коноктору үчүн сейилдеп, эс ала турган коопсуз жана жагымдуу шарттар түзүлөт»,- деп жазып, долбоордун видеосу менен бөлүштү.

Гезит

Кышты көркөмдөгөн Олимпиада

Бул айда дүйнөнүн спорт сүйүүчүлөрүнүн көңүлү Италияга бурулду. Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарлары Кышкы олимпиада оюндарына кожоюн болуп, адамзаттын эң ири спорттук майрамдарынын бирин өткөрүүгө...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар