whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомАдылбек Касымалиев элчи Лю Цзянпинди кабыл алды

Адылбек Касымалиев элчи Лю Цзянпинди кабыл алды

19-июнда Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпинди кабыл алды.

Өкмөт башчы Кытай Эл Республикасы Кыргыз Республикасынын негизги стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгилеп, өз ара сыйлашуу, ишеним жана коңшулаштык принциптеринде өнөктөштүктү мындан ары да тереңдетүүгө умтуларын белгиледи.

Өз кезегинде элчи Лю Цзянпин кытай тараптын эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого даярдыгын ырастады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, биргелешкен инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, соода-экономикалык байланыштарды жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү маселелерине көңүл бурушту.

Тараптар ошондой эле Астана шаарында өткөн «Борбордук Азия – Кытай» саммитинин алкагында эки өлкөнүн лидерлеринин эки тараптуу жолугушуусунда маанилүү макулдашууларга жетишилгенин белгилешти.

Жолугушуунун соңунда тараптар жогорку деңгээлдеги саясий диалогду улантууга жана өз ара кызыкчылык туудурган долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар