whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүПрезидент Садыр Жапаров УКМКнын Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгынын жаңы имаратын ачты

Президент Садыр Жапаров УКМКнын Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгынын жаңы имаратын ачты

Бүгүн, 6-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы офицерлерге жана ардактуу конокторго кайрылып, бүгүнкү күндө өлкө турмушунун бардык тармактарында, анын ичинде артыкчылык берилген багыттардын бири болгон улуттук коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Президенттин айтымында, кайсы гана тармак болбосун, адегенде анын инфратүзүмүн жана анда иштеген кызматкерлердин шарттарын жакшыртуу зарыл.

“Анткени тийиштүү шарттарды түзбөй, натыйжа чыгарууга мотивация бербей туруп, иштин жыйынтыгын талап кылуу мүмкүн эмес”, — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы акыркы төрт-беш жыл ичинде өлкөбүздүн бардык аймактарында Коопсуздук комитетинин аймактык башкармалыктарынын имараттары жаңыланып, бир катар жаңы объектилер курулганын, материалдык-техникалык база чыңдалганын белгиледи.

Быйыл борбордогу башкы штаб-квартира жаңыдан курулуп, атайын кызматтын келечектеги кадрларын даярдоо үчүн УКМК Академиясы ачылган. Академия заманбап стандарттарга ылайык жабдылып, кызматкерлердин билимин жана кесиптик даярдыгын жогорулатууга багытталган.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Бишкек шаарындагы башкармалыктын тарыхына да токтолду.
Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө жеткенден кийин, 1992-жылдын 22-октябрында Улуттук коопсуздук кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүмү түзүлгөн. 2002-жылы ал эки өзүнчө бөлүккө — Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча башкармалыктарга бөлүнгөн. Ал эми 2005-жылы шаардык бөлүм Бишкек шаары боюнча башкармалык макамын алган.

Жаңы имараттын ачылышы — бул мекеменин кызматкерлерине ыңгайлуу шарт түзүү жана өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу багытында жасалган кезектеги маанилүү кадам болуп саналат.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар