10-майда Пакистандын өкмөтү Индияга каршы “Баньян ун Марсус” (араб тилинен – “Бекем чеп”) аттуу ири аскердик операция баштаганын жарыялады. Бул чечим Индия тарабынан пакистандык аскер базаларына жасалган ракеталык чабуулга жооп катары кабыл алынганын Пакистандын армиясынын өкүлү генерал Ахмад Шариф Чоудри билдирди.
Чоудринин айтымында, Индия Исламабаддан 10 чакырым алыстыкта жайгашкан Нур Хан аба базасын бутага алган. Бул база – өлкөнүн аскердик командачылыгы жайгашкан стратегиялык маанидеги объект болуп эсептелет. Ал чабуулга жооп иретинде Пакистан “коргонуу максатында” дароо аракет көргөнүн жана Индиянын ракеталарынын көбү абадан коргонуу системасы аркылуу токтотулганын белгиледи. Аба күчтөрүнүн объектилери зыян тартпаганы айтылды.
Пакистандын Geo TV телеканалы коопсуздук булактарына таянып, операция алкагында Индиянын аймагындагы бир катар стратегиялык жайлар бутага алынганын кабарлады.
Чыр-чатак Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн бөлүгүндө 22-апрелде болгон теракттан кийин күчөп кеткен. Анда 26 турист каза таап, Индия кол салуу үчүн Пакистанды айыптаган. Пакистан бул дооматты четке какты. 7-майга караган түнү Индия Пакистанга караштуу Кашмир аймагына “Синдур” операциясынын алкагында ракета жана артиллерия менен чабуул койгонун жарыялады. Пакистан муну “согуштук аракет” деп атап, 26 киши өлүп, 46 адам жараат алганын маалымдады.
Кийинчерээк Индия Пакистандын армиясы Кашмирде алардын тарапка ок чыгарганын айтып, андан жети киши каза болуп, 30дан ашуун адам жараат алганын билдирди. Куралдуу кагылышууларда эки тараптан тең курман болгондордун саны 50гө жакындады.
Чыр-чатак авиация тармагына да таасир этти. 200дөн ашык каттам токтотулуп, 18 аэропорт убактылуу жабылды. Индия Пакистандын бардык рейстери үчүн аба мейкиндигин жапты. Индия бийлиги Пакистан менен дипломатиялык жана соода алакаларын токтотуп, виза берүүнү да убактылуу токтотконун жарыялады.
Пакистандын коргоо министри Хавижа Мухаммад Асиф Индиянын чабуулдарында аскердик эмес объектилер бутага алынганын айтып, расмий Исламабад жооп кайтарарын убада кылды. Сринагар шаарындагы индиялык аскердик базага чабуул жасалганы тууралуу маалыматтар жарыяланды. Индиялык тарап бул маалыматтарга жооп кайтара элек.
Пакистан армиясы Индиянын беш согуштук учагын, анын ичинде Rafale, Су-30МКИ жана МиГ-29 үлгүсүндөгү учактарды атып түшүргөнүн билдирди. Ошондой эле Индия армиясынын бригадаларынын биринин штабы жок кылынганы айтылды. Индия бул маалыматты азырынча ырастай элек.
Эки өлкөнүн чек арасына жакын аймактарда мектептер жана окуу жайлары жабылды. Окуядан улам Кыргызстан да өз тынчсыздануусун билдирип, тараптарды сабырдуулукка чакырды. Расмий Бишкек ШКУнун мүчөлөрү катары Индия менен Пакистандын ортосунда тынчтык орнотулушун жактай турганын билдирди.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш, АКШ президенти Дональд Трамп жана башка эл аралык лидерлер чыңалууну токтотууга чакырык жасашты. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Пакистандын коопсуздук жетекчилиги менен сүйлөшүп, абалды жөнгө салуу жолдорун талкуулады.
Кашмир – он жылдаган тарыхы бар, Индия менен Пакистандын ортосундагы эң талаштуу аймак болуп саналат. Аймак 1947-жылдан бери бөлүнүп, үч ирет чоң согушка жана ондогон чек ара кагылыштарына себеп болгон.
2025-жылдагы соңку окуялар аймакта өзөктүк курал колдонулушу мүмкүн деген коркунучтарды жаратты. Так маалымат болбосо да, аналитиктердин божомолунда Индияда кеминде 180, Пакистанда 170тен ашуун өзөктүк дүрмөт болушу мүмкүн экени айтылууда.
Кашмирде коопсуздукка карабай туристтердин агымы токтогон эмес. Чөлкөмдө байыркы храмдар, ыйык үңкүрлөр жана тарыхый жайлар жайгашкандыктан, миллиондогон индуисттер жана буддисттер бул аймакка саякаттап келишет.
Жалпысынан кырдаал өтө кооптуу бойдон калууда. Эл аралык коомчулук бул чырды тынчтык жолу менен чечүүгө үндөп жатат. Индия менен Пакистандын сүйлөшүүлөргө кайтуусу дүйнөлүк коопсуздуктун кызыкчылыгында болору белгиленүүдө.