Мен айылга барып калганымда, эки кишинин башы бириккен жерде Жолдош аба жөнүндө сөз болуп калаар эле. Көрсө, ал катардагы жөнөкөй киши эмес, согушта Советтер Союзунун Баатыры наамын алган дешчү.
Жолдош тууралуу Бейшенакунов Сүйүнбек жакшы билет дешкенинен ага бардым. Ал деле жарытылуу эч нерсе айтып бере алган жок, Жолдош абанын өзүнүн көзү өтүп кетиптир. Сүйүнбектин айтуусу боюнча Арыкбаев Жолдоштун балалык чагы Ак-Суу районуна караштуу Чоң-Жергез деген айылда өтүптүр. Уруусу Арык тукумунун ичине кирген Мүсүрөктөр деди. Жигит курагында балбан-күрөш, эр оодарыштарга түшүп жеңишке жетип жүрчү экен.
1942-жылы Ата Мекендик согушка чакырылат. Барганда эле чалгынчылардын тобуна кошулат. Эчен операцияларга катышып, душман жөнүндө маалыматтарды топтоп, «тил» кармап берип турушкан.
1942-жылы айыгышкан катуу согушта Жолдош кызмат өтөгөн полк немистердин курчоосунда калат. Полктун командири жоокерлерди тизип алып: “Ким душмандан чыгып кеткенге ыңгайлуу жерди билип келет”, – дейт. Эч ким чыкпайт, аягында “мен” деп Жолдош алдыга чыгат. “Ким менен барасың?” – десе, “мобу, мобу” деп өзүнө ишеничтүү үч жоокерди тандап алат. Алар немистин формасын кийип алышып, фронттун линиясына байкоо салышып жатып немистин бир офицерин колго түшүрүп алышат да, аны командирге алып келишет. Командир офицердин айтканына ишенбей, “тактап келгиле” деп кайра жиберет. Чалгынчылар келип текшерсе, офицердин айтканы туура чыгат. Кабар айтканы бар деп Жолдошту командирге жиберип өзүлөрү бир ыңгайлуу жерге жашынып жата беришет. Качан өзүнүн полку немистин траншеясына жакындаганда, чалгынчылар немистин ок чыгаруучу точкаларын жок кылганга жетишет. Курчоодон чыккан полк кайра кайрылып, немистин ошол жердеги күчүн талкалап салат. Ошол эрдиги үчүн полктун көп жоокерлери командачылыктын сыйлыгын алышат. Анын ичинде Жолдош Советтер Союзунун Баатыры наамын алып, алтын жылдызды тагынат.
Ошондон баштап Жолдош полктун кадырлуу, сүймөнчүлүгүнө айланат. Эчен-эчен салгылашууларга катышып, жарадар болуп госпиталга эчен сапар жатып айыгып чыгат.
1944-жыл. Согуш Белоруссия, Украинада жүрүп, Жолдош кызмат өтөгөн полктун курамы дээрлик жаңыланып калган болот. Согуш деген согуш, тааныш жолдошторунун көбүнөн ажырайт. Полкко жаңы командирлер келишет. Эң өкүнүчтүүсү, полктун командири генерал наамын алып, дивизияга командир болуп кетет. Ошол мезгилде Жолдош нарындык Эсенбек деген кыргыз жигитине жолугуп, бир нанды экиге бөлүп жешип бир туугандай болуп жүрүшөт. Бирок, Эсенбек башка батальондо. Бош боло калганда бири-бирин издеп келип, сүйлөшүп чер жазыша турган.
Күндөрдүн биринде ал жердешине келсе бир капитан Эсенбекти ур-бериге алып, анын өтүгүн тартып кийгени жатыптыр. Жолдош “товарищ капитан, прекратите” десе, ал “уходи баран, пока я тебя не прихлопну” деп наганын сууруп чыгат. Экөө тирешип калат. Ал ачуусу менен озунуп, ийининдеги октолуу беш атарын алып, капитанды атып калат. Тиги мүрт кетет. Жолдош өзү барып командирине болгонун болгондой кабарлап, камакка алынып, иши аскер трибуналына өтөт. Трибуналдын чечими менен Советтер Союзунун Баатыры деген наамынан ажыратылып, өзүн штрафбатка айдап жиберишет. Ал жерде да чалгынчы катары кызмат өтөйт. Чалгынга барып, керектүү маалыматтарды алып, зарыл учурда «тил» кармап келишет.
Ажалы жок экен, жеңишти Германияда тосот. Туулган жерине акталып 1946-жылы келет. Айылына келип жарым ай болгондо, аны Ысык-Көл облусуна чакырышып, Талды-Суу районунун аткаруу комитетине төрага кылып жиберишет. Өкмөт менен партиянын ишенимин актап иштеп берүүгө бел байлайт. Райондун иши менен бир аз таанышкандан кийин айыл-кыштактагы элдин жашоо-турмушу менен жеринен таанышуу үчүн, ал убакта машина жок, ат менен кыдырат.
Ар бир айылда болот. “Жаңы исполком келген экен” деп арыздангандар чыгат. Бирөө өкмөт чектеген пенсия-пособиясын ала алышпай жүрсө, бирөө ичээрге тамагы жок ачка калганын айтышат. Кароосуз калган жетим балдар да бар экен, Жолдош сельсовет төрагасын, колхоздун башкармасын чакырып алып элге жардам бергиле, ач калтырбагыла деп тапшырмаларды берет.
Эл өкмөткө зайымдан башка толгон-токой салыктарды төлөшүп, итке минип боору менен жылып калган экен. Буларды көрүп Жолдоштун зээни кейийт. Экинчи сапар айылдарды кыдырып келсе анын тапшырмасынын көбү аткарылбаптыр. Жолдош ачуусу менен күнөөлүүлөрдү муштуму менен “тарбиялай” баштайт. Алар “кайсы документтин негизинде жардам беребиз” деп сураса, “Арыкбаев бер” деген деп бере бер дейт. Ошондон баштап оокаты өтпөй калгандарга кампадан эгин таратыла баштайт. Согушта күйөөсүнөн айрылгандарга торпок жана кой, эчки берилип, алардын короо сарайларын оңдоо башталат. Натыйжасы кейиштүү болуп, Жолдоштун үстүнөн облуска тоголок арыздар түшө баштайт. Анда анын өзүм билемдиги, чоң муштумдугу айтылат. Жылдын аягында обкомдун бюросунда Жолдош Арыкбаевдин иши каралып, малдын башын өстүрө албай, дандын планын аткара албай жатсак, өз билгенин жасап элге мал, эгин тараткан. Чоң муштумдугун көрсөткөн деген күнөө коюлат.
Жолдош: – Жолдош секретарь! Сиз баш болгон жетекчилер Лениндин осуятын аткара албай жатабыз. Ленин эл үчүн кызмат кылгыла дебеди беле. Ар бир кыштакта бир кашык талканга жетпей ачкадан өлгөнү жаткандар көп экен. План деп жүрүп элди кырып алалыбы? Эл жок ким менен иштейсиз, – деп туталанып чыгат.
Анын сырын билген бирөө: “Жолдош Арыкбаев, сабыр кылыңыз”, деп эшикке жетелеп чыгып кетет. Бюро келерки аптага жылдырылып, эл тарап кетет.
Жолдош эч нерсе болбогонсуп ишин улантып жүрө берди. Аңгыча Талды-Суу, Ак-Суу райондору жоюлуп, Түпкө кошулат. Жолдош Ак-Суу районундагы токой чарбага директор болуп дайындалат. Токой чарбада бир питомник бар экен, анда карагай, сосна, пихта, кайыңдардын көчөттөрүн өстүрүп, башка аймактарга сатышат экен. Жумуш оор, айлык аз. Ал бул жакта да жөн болбой, токой чарбанын көмөкчү чарбасын өркүндөтүп, анын эсебинен токойчуларга ысык тамак бердире баштайт. Көмөкчү чарбанын эсебинен арзан эт саттырат. Бардык жумушчуларына бир машинадан бекер отун түшүрүп берет. Үй салам дегендерге тактай устундан башка акчалай да жардам бердирет. Жумушчулардын жашоо шарттары бир топ эле оңоло түшөт. Бир-эки жыл иштегенден кийин ревизия келип, көмөкчү чарбасын текшерип, малдын башы азайып кеткенин, киреше акчалар мамлекеттин казынасына түшпөй калганын аныктайт. Бирок, ал акчалар жумушчуларга жардам катары жумшалганы тууралуу документтер болот.
Райкомдун жолдомосу менен Жолдош Константиновка сельсоветинин төрагасы болуп дайындалат. Ал кайсы жерде, кайсы кызматта иштебесин жарды жашаган жетим-жесирлерге кам көрүүнү, тынчтык орнотуп, тартип сактоону биринчи планга койгон. Ал айылга барганда майда кыштактарды ирилештирип чоң айылдарга кошуп жаткан болот. Өзү өсүп-өнгөн Чоң-Жергезди кошуна айылдарга көчүрө баштаган. Көп туугандарын Константиновкага көчүрүп келип жайгаштырганга көмөктөшөт. Айылда тартип чыңалат, мас болуп алып мушташуу, айкырык, кыйкырыктар токтолот, себеби, эл тил албагандарды бир эле муштум менен жөнгө салып коерун жакшы билет.
Ал Константиновкада сельсоветтин төрагасы болуп бир топ жыл иштейт. Пенсияга жашы жеткенде кызматын өткөрүп берип эс алууга чыгат. Эл менен жүргөн кишиге үйдө отуруп калуу кыйын болот экен, жатса таң атпайт, күндүз кеч кирмеги тозок. Айласы кеткенде өзүнүн ордуна келген төрагага барып “бир кызмат таап бер” дейт. Ал “айылдагы магазинди өткөрүп алып иштеңиз” деп сунуштайт. Магазинде иштеген жакшы, элдин карааны үзүлбөйт. Соода-сатыгың жок болсо деле теңтуштары келип аңгеме куруп кетишет. Ал убакта жумуш жок, элдер жакырланып калган учур. Карызга чай-чамек, шекер, ичимдик сурап келе беришет. Жолдош аларга жок дей албай журналга каттап коюп бере берет. Жыл аягында текшерүүчү келгенде, бересе кишилердин тизмеси бир журналга толуп кетиптир дейт. Эсептесе көп суммадагы акча мойнуна түшүп калат. Эл деген эл да, элден айланса болот. Жолдоштун мойнуна акча түшүп калыптыр деген кабарды угуп алышып, илгери анын кылган жакшылыгын унутпай, облустун ар кайсы жерлеринен келишип, болгон жардамдарын берип жатышты дейт. Бири жылкысын, бири букасын, бири коюн, бири акчасын алып келип, Жолдошту куткарып кетишкен экен.
Кыргызда жакшы сөз бар эмеспи: “жакшылык кылган адамдын канжыгасына каз байла” деген. Ал бул сапарда элден бир тыйын сураган жок, элдер жардамга өзүлөрү келишти. Дүкөндү өткөрүп берип Жолдош Аксакалдар сотунун төрагасы болуп көп жыл иштеди. Жашы сексендерге барганда дүйнөдөн көчтү. Эли урмат-сый менен жерге беришти.
Анын атын мектепке, же көчөгө ыйгарганын билбейт экенмин. Мен интернеттен Жолдоштун ысымын Советтер Союзунун Баатырларынын тизмесинен таба албай койдум. Аскердик трибунал СССР Жогорку Советтин чечимин жокко чыгарууга укугу барбы жокпу билбейт экенмин. Ал Советтер Союзунун Баатыры болбосо да элдин сыймыгы болуп элинин эсинде кала бермекчи.
Окен МАМАТКАНОВ,
эмгек ардагери, Бишкек шаары