2025-жылы Кыргыз Республикасында спорт тармагын каржылоого 2,5 миллиард сом каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, салыштыруу үчүн айтсак, 2020-жылы спортко болгону 800 миллион сом бөлүнгөн.
Жыл ичинде дене тарбия жана спорт тармагындагы кадрларды колдоо максатында машыктыруучулардын эмгек акысы 30 пайызга жогорулатылды. Бул тармактагы адистерди колдоодогу маанилүү кадамдардын бири болду.
Ошондой эле спорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлдү. 5 миң көрүүчүгө ылайыкталган «Жаштык» чакан спорт аренасын куруу башталып, долбоордун баасы 1,3 миллиард сомду түздү.
Мындан тышкары, 51 миң көрүүчүгө эсептелген «Бишкек-Арена» футболдук стадионунун курулушу улантылды. Манас шаарында 5 миң 200 орундуу спорт сарайы салынып, анын баасы 1 миллиард сомго бааланууда.
«Бул иштердин баары спорт тармагын башкаруу системасын реформалоонун жана Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикти түзүүнүн алкагында ишке ашырылды. Бул өлкөдө массалык жана кесиптик спортту системалуу түрдө өнүктүрүүгө шарт түздү», — деп кошумчалады Министрлер Кабинетинин Төрагасы.


