Жээнбек Кулубаев чет өлкөлөрдөн келген диаспора өкүлдөрү менен жолугушту

0
4736

Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев IV Элдик курултайга катышуу үчүн Россия, Казакстан, Түркия, Германия, АКШ, Канада, Италия, Чехия, Улуу Британия, Литва, Словакия, Польша, Корея жана Египеттен келген диаспоралык уюмдардан шайланган 30 делегат менен жолугушуу өткөрдү.

ТИМдин маалыматына ылайык, жолугушууда министр өлкө жетекчилиги жүргүзүп жаткан учурдагы саясий багыт, Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашыруунун алкагында Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берди.

Айрыкча жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Делегаттар өздөрү өкүлчүлүк кылган диаспоралардын атынан чет мамлекеттерде жашаган кыргызстандыктар туш болгон актуалдуу көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Жээнбек Кулубаев айтылган сунуштар жана көтөрүлгөн маселелер министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө болорун белгилеп, Тышкы иштер министрлиги диаспоралар менен кызматташууну мындан ары да чыңдап, Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө коргоо ишин уланта берерин билдирди. Ошондой эле ал бул сунуштар өлкөнүн мындан аркы өнүгүшүнө олуттуу салым кошоруна ишенимин билдирди.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз