Европалыктар Рождество майрамына кызуу даярданууда 

0
3410

Азыркы учурда европалык шаарлар Рождество менен Жаңы жылга даярдыкка толук киришти. Дүкөндөрдө белектер, кооздолгон шырпылар, шамдар жана майрамдык аксессуарлар сатылууда. Супермаркеттерде жана борбордук базарларда акыркы сатып алуучулар пакеттер менен жүгүрүп, соодагерлер үчүн чыныгы жандуу сезон башталды.

Онлайн-буюртма менен жеткирүү мөөнөтү өткөндүктөн, көпчүлүк адамдар акыркы учурда  дүкөндөрдү кыдырууда.

Шаарлардын борборлору майрамдык жарыктар жана шырпылар менен кооздолуп, майрамдык маанай жогорку деңгээлге жетти. Рождество базарлары жана кичи-фестивалдарда музыка, жылуу тамактар жана сувенирлер сунушталып, жергиликтүү калк менен туристтердин көңүлүн буруп жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз