Башкы беткеМаанилүү"Жашыл мурас" 9 миллион көчөт отургузуу пландалууда

«Жашыл мурас» 9 миллион көчөт отургузуу пландалууда

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен башталган «Жашыл мурас» улуттук компаниясынын алкагында өлкөдө жашылдандыруу иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Жергиликтүү мамлекеттик органдардын маалыматына ылайык, жыл башынан бери республика боюнча 3 250 гектардан ашык аянтка 3 млн 820 миң 663 түп көчөт отургузулду. Учурда жаш көчөттөрдү сугаруу жана коргоо иштери бекитилген планга ылайык жүргүзүлүүдө.

Быйыл кампаниянын алкагында жалпы 9 миллион көчөт отургузуу пландалууда. Бул чаралар өлкөнүн экологиялык абалын жакшыртуу жана токой аянттарын кеңейтүү максатын көздөйт.

Министрликтин маалыматына караганда, 2025-жылы өлкө аймагында 8 млн 239 миңден ашык бак-дарак отургузулган. Көчөттөр 6 420 гектар аянтка жайгаштырылып, алардын өсүп кетүү көрсөткүчү 74,5% болгон.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар