Кыргызстанда порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контенттер чектелет

0
3227

Кыргыз Республикасынын интернет аймагында порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ишин токтотуу жана чектөө тартиби бекитилди. Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ «Кыргыз Республикасынын интернет аймагында порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга жеткиликтүүлүктү токтотуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Эскерте кетсек, «Кыргыз Республикасынын интернет аймагында порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга жеткиликтүүлүктү токтотуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандарды, анын ичинде жашы жете электерди жол берилгис контенттен коргоо, ошондой эле интернет тармагында коомдук адеп-ахлакты сактоо максатында кабыл алынган.

Бул Тартип Кыргыз Республикасынын интернет аймагында порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайтты аныктоо жана анын ишин токтотуу механизмин аныктайт.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз