whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
37.6 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарОрто-Токойдун келечеги менен ойнобойлу

Орто-Токойдун келечеги менен ойнобойлу

Өлкөбүздө сугат жерлерди суу менен камсыздандыруу үчүн бир топ суу сактагычтар курулду. Алардын бири – Орто-Токой. Бул суу сактагыч бийик тоолордун татаал инженердик-геологиялык шарттарында, тогуз баллдык сейсмикалык зонада курулган. Суу сактагычтын бийиктиги – 52 м, узундугу – 18 км, туурасы – 5 км, тереңдиги – 47 м, сыйымдуулугу – 470 млн.м3.  Орто-Токой суу сактагычында 1957-жылдан суу топтоло баштаган. Ошондон бери Чүй өрөөнүндө сугат башталганда, андан суу бериле баштайт. Канчалык сууга талап көп болсо, ошончолук топтолгон суу көп агызылат. Бул курулмада сууну топтоп, аны сактоо жана өсүмдүктөрдүн өсүү мезгилинде – кайсы бир көлөмдөгү суудан бошонуу процесси – жылдан-жылга же мына 68 жылдан бери келе жатат.

Кирип жаткан агындылар

Чүй суусун негизинен эки дарыя (Кочкор менен Жоонарык) түзөт. Бул сууларга мөңгүдөн жана кардан эриген суулар, жер астынан чыккан суулар, сууга аралашып аккан агындылар кошулат.

Агындылар эки бөлүктөн турат –чөкпөгөн (чоңдугу 1 мм кем) жана чөкмө (чоңдугу 1 мм өйдө) шилендилерден. Эгерде чөкпөгөн шилендилердин бөлүктөрү бири-биринен анчалык айырмаланбаса, чөкмө шилендилердики (нуктун эңкейишине жана суунун чыгымына карата) – ар түрдүү болот. Мындай көрсөткүчтөр Чүй дарыясына да тиешелүү. Чүй дарыясында аккан катуу агындылардын 91% – чөкпөгөн шилендилер. Мунун себеби –  дарыянын нугунун эңкейишинин аздыгы.

Суу сактагыч үчүн шилендилер – анын душманы. Себеби, сунун түбүнө топтоло берип, сыйымдуулукту азайтат жана бара-бара – курулманын суу мейкинин жерге айлантып, суу сактагычты жок кылат. Чүй дарыясында жогору жакта жазылгандай, бул шилендилерди эч ким иликтеген эмес. Шилендилер Чүй дарыясында жана анын салааларында (Кочкор, Жоонарык, кокту-колоттордон кошулган суулар) аккан суулар менен  суу сактагычка келип кирүүдө. Ал жерде  1957-жылдан бери топтолууда. Суу сактагычта топтолгон шилендилердин көлөмү – белгисиз.

Чөккөн шилендилер

Мында агын суу тынч жаткан суу-га урулуп, өзүнүн кинетикалык күчүн жоготот; конус түрүндө жайылып, өзү агызып келген шилендилерди – чачат. Алар иретсиз чачылбайт. Агын суунун огуна жакын жерде жумуру таштар чөгөт, алардан кийин майда таштуу чөгүндүлөр, булардан кийин – кум чополуу шилендилер жана аягында – чополуу чөгүндүлөр чөгөт. Башкача айтканда, сыйдыргычтын ортосунда ченемдери чоң келген, ал эми жээктерине жакын келген жерлерде – кум-чополуу же чополуу шилендилер топтолот.

Коюлган маселени карай турган болсок, ал мындай. Суу топтоо үчүн курулмадан суу агызылбай, бөгөлөт. Көлдө толтурулган суунун деңгээли көтөрүлө баштайт. Мына ушул кезде агын суу келип, тосмо сууга урула баштайт. Мунун негизинде «суулардын кошулуу жери» пайда болот. Агын суу алып келген шилендилер – бул жерге чөгүп, топтоло баштайт. Сыйдыргычтагы тосмо суунун деңгээли көтөрүлө баштайт. Бул агым сууга таасир этип, суулардын кошулуу жери жогорулай баштайт. Мындай жогорулоодо дарыянын катуу агымдары мурунку «кошулуу жерде» кала берет. Бул процесс токтоосуз процесс болуп, аягында  тосмо суунун деңгээли керектүү белгиге жеткенде гана сууну топтоо токтотулат.

Жаз келип, суу керектеле баштайт. Суу сактагычтан суу агызылат. Тосмо суунун деңгээли төмөндөп, «суулардын кошулган жери» кайта пайда боло калат. Бирок, ал жогорулабай, суунун агымы менен төмөндөй баштайт. Мында пайда болгон «кошуу жерлерде» да шилендилер топтолуп, сыйдыргычтын көлөмүн азайта баштайт.

Бул процесс агын суу тосмого жеткенде гана токтойт. Сууларды кошуучу жерлер өйдөлөсө да же төмөндөсө да, баары бир, шилендилер сыйдыргычтын узундугу боюнча топтоло берет. Алар анын кайсы жеринде көп экенин – атайын жүргүзүлө турган иликтөө билдирет.

Келечеги кандай болот?

Суу сактагычтын долбоору Главводпроект (Москва) жана Среднеазгипроводхлопок (Ташкент) институттарында түзүлгөн. Суу сактагычтын жер тосмосу курулуп жатканда, анын курулушун белгилүү советтик илимпоз К.Ф.Артамонов көзөмөлгө алган. 1960- жылдардын кайсы бир жылы тосмонун төмөнкү эңкейишиндеги жер тектери (грунттар) нымдалып калганын билип, ал илимпоз атайын союздук комиссия (алардын ичинде белгилүү илимпоздор, куруучулар ж.б. адистер болгон) түздүрүп, Орто-Токойдо үч күн болушкан. Бул комиссиянын сунушу боюнча – тосмонун ичине каныккан чополуу эритме куюлган. Мына ошондон суу сактагычтын жер тегинин (грунт) нымдуулугу токтотулуп, тосмонун иши оңдолгон.

Бул жыйынтык – тосмо боюнча. Ал эми сыйдыргычтын акыбалы кандай; анын канча көлөмүн шилендилер басып калды? Бул маселелерге эч качан көңүл бурулган эмес.

Жазылган маселелер каралып, шилендилер менен күрөш жүргүзүлбөсө, анда суу сактагычтын келечеги мындай болот:

– эгерде Орто-Токой суу сактагычы азыркыдай эле пайдаланыла  берсе, анда акырындык менен анын ичи шилендилерге толуп, суу сакталбай, ал түтүкчө суу чыгаргыч аркылуу курулмадан агызылып калат. Мындай шартта, суу – катастрофалык суу таштагыч аркылуу да агызылышы мүмкүн. Башкача айтканда, Орто-Токой курулма – суу сактагыч катарында жок болот.

Суу сактагыч  Кыргызстан менен Казакстандын байлыгы. Суу – алтындан кымбат дегендей, Орто-Токой ушул алтындан кымбат сууну эки өлкөгө 68 жылдан бери сактап берип келе жатат.

Бул суу сактагычты мындан ары туура пайдаланыш үчүн, төмөнкүдөй иштер жүргүзүлүшү керек:

– биринчиден, суу сактагычтын жогору жагында дарыянын нугунда чуңкур казылып, анда чөкмө шилендилерди суу сактагычка жибербей, тосуп калыш
керек;

– экинчиден, суу сактагычтын таманын шилендилерден тазалаш керек;

–  үчүнчүдөн, андан алынып чыгарылган шилендилерди – ар түрдүү курулмаларда пайдаланса болот,  аларга кереги жок болсо, анда кайсы бир кокту-колотторду толтурса болот.

Бул жол – пайдалуу жол, себеби, суу сактагычты сактап кала турган жалгыз жол. Бул ишти Кыргызстан, Казакстан менен биргелешип жүргүзүшү керек. Себеби, Орто-Токой суу сактагычтагы алтындан артык суу – эки өлкөгө тең бирдей керек.

С. САТАРКУЛОВ,
II даражадагы «Манас» орденинин ээси,  т.и.к., профессор,

Э. МАМБЕТОВ,
Кыргыз-Россия славян университетинин «Экология жана өзгөчө кырдаалдарда коргоо» кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар