Ички иштер министрлиги (ИИМ) жарандарга кайрылып, мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды ыктыярдуу түрдө тапшырууга үндөөдө.
Маалыматка ылайык, учурда өлкө аймагында милиция кызматкерлери тарабынан алдын алуу иш-чаралары жүрүп жатат.
Мыйзам боюнча, ок атуучу куралдарды мыйзамсыз жасоо, сатып алуу, сатуу же алып жүрүү үчүн 100 миң сомго чейин айып пул салынат. Ошондой эле мыйзам бузгандарга карата түзөтүү жумуштары, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же ишмердүүлүк жүргүзүү укугунан ажыратуу сыяктуу чаралар каралган.
ИИМ өз ыктыяры менен мыйзамсыз курал тапшырган жарандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын баса белгиледи. Андан тышкары, мындай жарандарга 1 600 сомдон 16 000 сомго чейинки өлчөмдө акчалай сый акы каралган.