Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 14-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн районунун тургундары жана жергиликтүү актив менен жолукту.
Жолугушууда мамлекет башчысы айыл чарбасы аймактын негизги тармагы экенин белгилеп, сугат суу маселесине өзгөчө көңүл бурду. Анын айтымында, район аймагында насостук станцияларды куруу, суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүү жана ирригациялык долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.
Ошондой эле Жаман-Адыр массивин суу менен камсыздоо, Ак-Турпак каналын реабилитациялоо, Зергер дарыясында жана Куршаб-Сай багытында суу сактагычтар боюнча изилдөө иштери жүргүзүлөрү маалымдалды.
Президент район боюнча таза суу менен камсыздоо иштерине токтолуп, 108 айылдын 51и таза суу менен камсыздалганын, ал эми калган айылдарда системаларды жаңылоо иштери жүрүп жатканын белгиледи.
Жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында акыркы мезгилде 124 чакырым жол курулуп, быйыл дагы 71 чакырым жолду оңдоо пландалганы айтылды.
Мындан тышкары, райондо социалдык объекттердин курулушу уланууда. Билим берүү тармагында авариялык абалдагы мектептерди жаңылоо иштери жүрүп, мугалимдер жетишсиздигин жоюу боюнча чаралар көрүлүүдө.
Саламаттык сактоо тармагында жаңы объекттерди куруу жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо иштери уланууда. Анын ичинде 350 орундуу райондук жалпы дарыгерлер борборунун жаңы имаратынын курулушу жүрүп жатканы белгиленди.
Жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.