Башкы беткеМаанилүүЖК комитети ЖМК мыйзамын биринчи окууда жактырды

ЖК комитети ЖМК мыйзамын биринчи окууда жактырды

Бүгүн, 25-февралда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоору боюнча Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев маалымат берди.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Гуля Кожокулова «жалпыга маалымдоо каражаттары», «тармактык басылма» түшүнүктөрүнүн айырмачылыктары, аларды каттоо тартиби тууралуу суроолорду көтөрүп, тармактык басылма ЖМК эмес экенин белгиледи. Ал эми депутат Карим Ханджеза блогерлердин маалымат таратышы боюнча суроолорду тактады. Маданият министринин орун басары блогерлер кесипкөй журналист эмес экенин, буга байланыштуу мыйзам долбоорунда «блогер» деген түшүнүк жок экенин белгиледи.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар