Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Балдар жөнүндө кодексинде балдардын кызыкчылыктарын камсыз кылуу принциби колдонулаары көрсөтүлүп, баланын өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо шарттарын камсыз кылуу жоопкерчилиги ата-энелердин, камкорчулардын жана көзөмөлчүлөрдүн ар бирине жүктөлгөн.
Балдары зомбулуктун курмандыгы болуп турганда, эч бир коомду коопсуз деп эсептөөгө мүмкүн эмес. Балдардын зомбулуктун бардык түрлөрүнөн коргонуу укугу Эл аралык коомчулуктун дүйнө жүзүндөгү бардык балдар үчүн кепилдик берүүгө милдеттүү болгон негизги укуктардын бири болуп саналат.
Алсак, 1989-жылдын 20-ноябрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеянын резолюциясы менен Балдардын укуктары жөнүндө Конвенциясы кабыл алынган, ага Кыргыз Республикасы 1994-жылдын 12-январында мүчө болуп кошулган.
Бул Конвенция балдарды кыйноолорго тыюу салуудан тартып, билим алууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылууну талап кылган, алардын укуктарынын кеңири спектрин аныктаган, балдардын укуктары жөнүндө башкы документ болуп саналат. Ошондой эле, балдарды мыйзамсыз эмгекке тартуудан, баңги заттарды мыйзамсыз пайдалануудан, ала качуудан жана балдарды сатуудан коргоодо мамлекеттин жоопкерчилиги каралган.
Мындан сырткары, Конвенцияга катышкан мамлекеттерде бир дагы баланын кыйноолорго же башка катаал, ырайымсыз же анын кадыр-баркын кемсинткен мамилеге же жазага тартылбашын камсыз кылуу жана 18 жашка толо элек адамдар тарабынан жасалган кылмыштар үчүн аны жазадан бошотуунун мүмкүнчүлүгү каралбаган өлүм жазасы, өмүр боюу эркинен ажыратууга тыюу салган жоболор камтылган.
Акыркы жылдары бейөкмөт уюмдардын, ЖМКнын жана мамлекеттик органдардын иштеринин, ошондой эле, коомдун маалымдуулугунун жогорулашы менен зомбулукка кабылган жабырлануучулардын (же аларды курчап турган жарандардын) жардам сурап кайрылуулары көбөйүүдө. Муну оң жылыш катары кароого болот, себеби мурда айтылбай калган учурлар азыр белгилүү болуп баратат. Бул жагдай, жабырлануучулардын кайрылуулары көз жаздымда калбастыгына ишенип, укук коргоо органдарына ишеним жогорулап көбүрөөк кайрыла башташты.
Демек, сандардын өсүшү ар дайым кылмыштуулуктун көбөйүшүн билдирбейт — бул жогорудагы жарандардын ар бир кайрылуулары дароо каттоого алынып, мыйзам талаптарынын алкагында чечилип жаткандыгын кабарлайт.
Кыргызстанда ар бир бала — жынысына, майыптыгына, улутуна же үй-бүлөлүк абалына карабастан — урмат-сыйга жана кор-гоого татыктуу, ошондуктан балдарды коомдогу, мектептеги же үй-бүлөдөгү басмырлоого тыюу салынат.
Басмырлоо (көрүнбөгөн зомбулук) — бул баланы анын өзгөчөлүгүнө карата бөлүп, четке кагуу же тең укуктуу мамиле жасабоо. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө балдар ар кандай басмырлоого дуушар болуп келишүүдө.
Мисалы: мектепте мүмкүнчүлүгү чектелген баланы өзүнчө кармоо; кыз балага «сенден эч нерсе чыкпайт» — деп кесип тандоосун чектөө; жетим же жакыр үй-бүлөдөгү баланы шылдыңдоо; башка улуттагы баланы мазактоо.
Басмырлоого кабылган бала өзүн жогору баалабай калат; окуу-суна болгон кызыгуусун жоготот; коомдон обочолонуп, бекинип жана коомдун толук кандуу мүчөсү боло албай калат. Бул — болочок коом үчүн чоң жоготуу. Мындай көрүнүштөр — психологиялык зомбулуктун бир түрү, ал баланын өзүнө болгон ишеничин, мотивациясын жана келечекке болгон үмүтүн жок кылат.
Бириккен Улуттар Уюмунун “Балдардын укуктары жөнүндө” Конвенциянын 2-беренесине ылайык, катышкан мамлекеттер өздөрүнүн юрисдикциясынын чектеринде болгон ар бир баланын ушул Конвенцияда каралган бардык укуктарынын эч кандай басмырлоосуз, расасына, өңүнүн түсүнө, жынысына, тилине, динине, саясий же башка ынанымдарына, улуттук, этностук же социалдык тегине, мүлктүк абалына, баланын, ден соолугунун абалына жана туулушуна анын ата-энесине же мыйзамдуу көзөмөлчүлөрүнө же кандайдыр-бир башка жагдайларга карабастан урматташат жана камсыз кылышат деп белгиленген.
Бирок, мыйзамдардан тышкары коомдун аң-сезимин өзгөртүү өтө маанилүү. Балдарды басмырлоодон коргоодо мугалимдер — ар бир окуучуну сыйлоого, тең кароого үйрөтүшү керек; ата-энелер — балдарды боорукер жана толеранттуу кылып тарбиялоо зарыл; ЖМК жана блогерлер — туура тил колдонуп, стигма жараткан сөздөрдөн алыс болушу керек (мисалы, «оорулуу бала», «жетим» деген сыяктуу).
Мамлекеттик органдар — дискриминацияга каршы иштерди күчөтүп, коомдук аң-сезимди өзгөртүү үчүн түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүшү керек. Балдарды басмырлоого тыюу салуу — бул мыйзам гана эмес, моралдык жоопкерчилик. Коом катары биз ар бир бала өзүн баалуу жана корголгондугун сезиш үчүн шарт түзүшүбүз керек. Бүгүн биз үн катпасак — эртең балдардын үнүн угуу кеч болуп калышы мүмкүн.
Ошондой эле, мамлекетибизде жагымсыз же аяр абалда калган балдар — жетим, жакыр үй-бүлөдөн чыккан, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар же миграция таасиринен жалгыз калган балдар — коомдон четтетилип, стигматизацияга кабылып жаткан учурлар көп кездешет.
Стигматизация — бул балага анын жагдайынан улам терс мамиле жасоо, шылдыңдоо, четке кагуу жана жек көрүү. Мисалы: жетим баланы “проблемалуу” деп атоо; жакыр үй-бүлөдөн чыккан баланы мазактоо; зордук-зомбулукка кабылган баланын абалын жашырып, жардам көрсөтпөө. Бул көрүнүштөр баланын өзүнө болгон ишенимин жоготот, коомдон обочолонууга жана келечекке болгон ишенимдин солгундашына алып келет. Стигманы жоюу үчүн эң негизгиси — коомдук түшүнүктү өзгөртүү жана маалымдуулукту жогорулатуу керек.
Бул багытта, прокуратура органдары тарабынан 2024-жылы балдар арасындагы укук бузууларды алдын алуу багыты боюнча 207 текшерүү жүргүзүлүп, 513 мыйзам бузуу аныкталган, аларды жоюу максатында 216 прокурордук актылар келтирилип, жыйынтыгында 261 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылган. Ошондой эле, өлкө аймагында прокуратура органдарынын демилгеси менен балдар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча координациялык комиссиялардын 217 отуруму өткөн.
Ал эми, 2025-жылдын 1-чейрегинде республиканын аймагында кылмыш жасаган жаш өспүрүмдөрдүн жалпы саны 398 түзүп (2024-жылы – 418), былтыркы жылга салыштырмалуу 20 балага же 4,7% азайган. Ошону менен бирге, тергөөнүн жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 467-беренесине ылайык 184 балага (23 кыз, 161 эркек бала) карата баланы кылмыш-жаза сот өндүрүш тутумунан чыгаруу жол-жобосу колдонулган. Аталган мезгилде прокуратура органдарынын демилгеси менен республиканын аймагында балдар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча аким, мэрлердин алдындагы 68 координациялык жыйын өткөрүлдү.
2025-жылы 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында өспүрүмдөр тарабынан жасалуучу укук бузууларды жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу, тиешелүү мамлекеттик органдардын өз ара кызматташтыгын жакшыртуу жана системалуу чараларды көрүү максатында ведомстволор аралык кеңешме өткөрүлдү.
Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, Ички иштер, Билим берүү жана илим, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын адистери, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт секторунун өкүлдөрү катышкан. Иш-чаранын алкагында балдар арасындагы кылмыштуулук, буллинг, балдар өз өмүрүнө кол салуу, үй-бүлөлүк зомбулуктун абалы, укуктук-ченемдик актылардын боштуктары, мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар талкууга алынган.
Кеңешменин жыйынтыгы мамлекеттик органдарга жана ведомстволорго тиешелүү тапшырмалар берилген.
Балдар жөнүндө мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болгондуктан, мындан ары тиешелүү иш чаралар улантыла бермекчи.
Манасбек АКМАТАЛИЕВ,
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын
башкармалыгынын башчысы