whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыФранция мектептеги окуядан кийин өспүрүмдөргө соцтармактарды тыюу салууну көздөйт

Франция мектептеги окуядан кийин өспүрүмдөргө соцтармактарды тыюу салууну көздөйт

Франциянын президент Эммануэл Макрон 15 жашка чыга элек өспүрүмдөр үчүн социалдык тармактарды пайдаланууга тыюу салуу маселесин көтөрдү. Эгер бул чектөө Еврошаркеттин деңгээлинде колдоо таппаса, Франция жакынкы айларда өз алдынча мыйзам кабыл алат.

Мындай чечимге түрткү болгон окуя дүйшөмбү күнү Париждин чет жакасындагы Ножан-сюр-Мар шаарчасында болгон. Мектепке кире бериште окуучулардын сумкалары текшерилип жаткан учурда өспүрүм мектеп кызматкерине — 31 жаштагы аялга — бычак менен кол салган. Ал алган жарааттарынан улам каза тапты. Маркумдун артында төрт жаштагы баласы калды.

Окуя болгон жерден качууга аракет кылган шектүү окуучу полиция тарабынан кармалды. Кармоо маалында бир полиция кызматкери жеңил жаракат алды.

Франциянын прокуратурасы 14 жаштагы өспүрүмгө адам өлтүрүү беренеси боюнча расмий айып тагууну жана аны тергөө абагына камоону талап кылууда.

Аймактык прокурор Дени Деваллуанын билдирүүсүнө ылайык, өспүрүм өз кылмышын мойнуна алып, “адам өлтүрүүнү атайылап пландаганын” айткан. Жашы жете элек болгондуктан, ал өмүр бою эркинен ажыратылбайт, бирок 20 жылга чейин абак жазасына тартылышы мүмкүн.

Бул окуя Францияда чоң резонанс жаратты.

Макрондун өспүрүмдөр үчүн социалдык тармактарды пайдаланууга тыюу салуу боюнча билдирүүсү балдардын психикалык жана физикалык саламаттыгына социалдык түйүндөрдүн тийгизген терс таасири тууралуу изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына негизделди. Греция мындай чектөөнү буга чейин сунуш кылып, Франция менен Испания бул демилгени колдогон.

Ошондой эле бычак сыяктуу курч куралдарды мектептерде жана алардын айланасында алып жүрүүнү алдын алуу максатында, Францияда март айынан бери полиция курал издөө рейддерин жүргүзүп келет.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар