Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына арналган VIII Бүткүл дүйнөлүк «Дүйнө элдеринин эпостору» фестивалы бүгүн өз ишин аяктайт.
Белгилей кетсек, «Дүйнө элдеринин эпостору» фестивалы Кыргызстанда сегизинчи жолу өтүп жатат. Бул тегин жеринен эмес. Сыймыктануу менен айта турган болсок мунун себеби, биздин “Манас” эпосубуз, дүйнөлүк эпостордун башында тургандыгында. Ошону менен иш-чара 28-майда, Турдакун Усубалиев атындагы аянтта башталды. Фестиваль кыргыздын жашоосун, ырым-жырым, үрп-адат, салт-санаасын, улуу Саякбайдын балалык чагын, кантип манас айтып калганын чагылдырган театрлаштырылган коюм менен башталып, Карамолдо Орозов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестри коштоду.
Театрлашкан коюмда баяндалгандай, көөнө кыргыздын ырым-жырымы, үрп-адаты – бул кечээгибиз гана эмес, ал бүгүнкүбүз жана эртеңкибиз. Улуттук дүйнө тааным, улуттук аң-сезим да ушундан башталат. Анан, албетте жаш Саякбайдын балбандыгы өзүнчө узун сабак сөзгө арзыса, талаада жатып түш көрүп, Манас, Бакайларга жолугуп, кыргыздын уңгулуу улуу сөзүн улап айтып калганы өзүнчө бир ажайып.
Ал эми шаар түспөлүндө шөкөт-төлгөн сахна, эки жагындагы эки мунара эски менен жаңыны айкалыштырып, аныгында эле эпостор дүйнөсүнө алпарат. Аңгыча Бакай Саякбайга манасчылыктын жолуна, кайыптар дүйнөсүнө аралашууга ак батасын жолдоп, аянт толо эл – фестивалдын ачылыш аземине катышып жаткан кыргыз коомчулугунун жана Кыргызстандагы элчиликтин өкүлдөрү, чет элден келген коноктор болуп батабызды бердик.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Дүйнө элдеринин эпостору» фестивалы адамзаттын руханий мурасын сактап калууда жана аны келечек муундарга өткөрүп берүүдө зор мааниге ээ экенин белгилеп, “дүйнөлүк фестиваль бир гана биздин улутка тиешелүү руханий дөөлөттү изилдөө, өнүктүрүү жана сактоо менен чектелбестен өзүнүн аталышы айтып тургандай дүйнө элдеринин эпостору, анын кандай деңгээлде сакталганы, өсүшү, өнүгүшү жана илимий изилдөө багытындагы жыйынтыктар, көйгөйлөр талкуулана турган бирден-бир аянтча”, – деп фестивалдын ишине ак жол каалады.
КЭРдин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин айым жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюмундагы Кыргыз Республикасынын өкүлү Мар Топоев куттук сөз сүйлөштү.
Кыргыз эли сөзгө жакын, эпосторго бай эл. Фестивалдын алкагында өтүп жаткан аянтчалар дүйнөнүн булуң-бурчунан келген эпос айтуучуларды, илимпоздорду, жаш калемгерлерди, маданияттын өнүгүшүнө кайдыгер карабаган замандаштарды бириктирген уютку болгону жакшы көрүнүш. Кыргыз Республикасы соңку жылдары улуттук маданиятты мындан ары өнүктүрүүгө, материалдык эмес маданий мурасты сактоого жана пропагандалоого, элдик оозеки чыгармачылыкты андан ары популярдаштырууга, өлкөбүздү дүйнөлүк маданий мейкиндикке жигердүү интеграциялоону камсыз кылууга багытталган системалуу чараларды ишке ашырып жатканы баарыбызга маалым.
Фестивалдын ачылышындагы эң символикалуу нерсе – тынчтыктын, жакшылыктын, ынтымактын биримдиги болгон “Түндүк көтөрүү” жөрөлгөсү болду. Түндүк көтөрүлүп, фестивалга чет элден келген коноктор уук сайып, биз аларга кармашып, колдошконубуз жакшы жышаана эмей эмине.
Фестиваль “Маданий ар түрдүүлүктүн парады”: “Кыргыз көчү” этноайылынын жана эл аралык кол өнөрчүлүк көргөзмөсүнүн ачылышы, “Саркеч көчмөн” этностиль сынагы менен уланды.
Фестивалдын биринчи күнүндө Кыргыз улуттук “Манас” театрында баланын алгачкы кадамын символдоштурган кыргыз элинин тушоо кесүү салты көрсөтүлдү. Салттуу көрүнүш төкмө акындардын жар чакыруусу менен башталып, аксакалдар бата берип, улуттук ыр-күүлөр менен коштолуп, ал иш-чара элибиздин улуттук ашканасынан түрдүү даамдар коюлган тамак-аштардын фестивалы менен уланды. Анда чучук, боорсок, курут, каттама, кымыз жана максым сыяктуу улуттук даамдар жана суусундуктар сунушталды.
Андан соң “Тайтору” спектаклинин премьерасы болду. Бул коюм элдик мотивдер менен заманбап театр искусствосун айкалыштырып, көрүүчүлөрдү ар-намыс, мекенге болгон сүйүү тууралуу ойлонууга түрттү. Көрүүчүлөр спектаклди жылуу кабыл алды.
Кечинде “Ала-Тоо” кинотеатрында “Дарак ыры” көркөм тасмасы көрсөтүлдү.
Кечээ Т. Усубалиев атындагы аянтта “Мыкты кыргыз боз үйү”, “Улуу мурас” (салттар жана жөрөлгөлөр), “Саркеч көчмөн” (этностиль), “Мыкты айтуучу – сейтекчи” эл аралык сынактары, Улуттук тарых музейинде “Этникалык стиль жана мезгил образы” тегерек үстөлү, “Жаш айтуучулардын мектеби” мастер-классы өттү. Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканада башталган «Эпос-тун универсалдуу табияты: типологиясы жана негизги этникалык моделдери» эл аралык илимий-практикалык симпозиуму бүгүн да уланууда.
Кечинде,Т. Усубалиев атындагы аянтта фестивалдын катышуучуларынын концерттик программасы тартууланды.
Бүгүн Т. Усубалиев атындагы аянтта “Мыкты кыргыз боз үйү”, “Улуу мурас”, “Саркеч көчмөн”, “Мыкты айтуучу – сейтекчи” сынактарынын жыйынтыктары чыгарылууда.
Улуттук тарых музейинде фестивалдын эл аралык чыгармачыл тобу менен Улуттук консерваториянын студенттеринин жолугушуусу болот.
Т. Усубалиев атындагы аянтта театр-лаштырылган гала-программа менен фестиваль соңуна чыгат.
Айта кетчү нерсе, аталган фестиваль “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” президенттин жарлыгынын жана “Манас” эпосу жөнүндө” мыйзамдын алкагында ишке ашырылды.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”