Башкы беткеРубрикаларАймактарПрезидент Өзгөндөгү социалдык объекттер менен таанышты

Президент Өзгөндөгү социалдык объекттер менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 14-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы социалдык объекттердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Анын алкагында 350 орунга ылайыкташкан жалпы дарыгерлик практика борбору каралды. Объекттин курулушу өткөн жылдын октябрь айында башталган. Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов курулуш иштери быйылкы жылдын аягына чейин жыйынтыкталары пландалып жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, калктын санынын өсүшүнө байланыштуу райондо медициналык инфратүзүмгө болгон муктаждык жогорулап, жаңы объекттерди куруу зарылдыгы жаралган.

Президент профильдүү органдарга жана подряддык уюмдарга курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруу жана белгиленген мөөнөттөрдү сактоо боюнча тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы Баш-Дөбө айыл аймагында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан турак жай комплексин да көрүп чыкты.

Жалпы аянты 7 гектардан ашкан аймакта 16 беш кабаттуу блоктон турган, 970 батирди камтыган комплекс курулууда. Учурда темир-бетон каркастарын тургузуу жана чатыр жабуу иштери жүрүп жатат.

Курулушту кийинки жылдын күз айларында аяктоо пландалууда.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар