Башкы беткеРубрикаларБилим берүүМектептерде акыркы коңгуроо 26-майда кагылат

Мектептерде акыркы коңгуроо 26-майда кагылат

2024-2025-окуу жылынын аякташына арналган салтанаттуу иш-чаралар 26-майда саат 09:00дө башталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Акыркы коңгуроону өткөрүүдө коопсуздукту камсыздоо үчүн жоопкерчилик билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт. Аларга иш-чараларга каражат чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери үчүн кошумча иш-чараларды уюштурууга болбойт.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан күнү-түнү нөөмөт уюштурулат.

Билим берүү уюмдарынын аймагынан тышкары өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чараларда окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата-энелердин жоопкерчилиги тууралуу маалымат берүү максатында чогулуштар өткөрүлөт.

Тез күйүүчү, травматикалык фейерверктер, адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтирген техникалык жабдуулар жана башка каражаттарды, ошондой эле экологияга зыяндуу гелий шарларын учурууга тыюу салынат.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар