Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 14-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жергиликтүү тургундар жана актив менен түз диалог өткөрдү.
Жолугушууда жашоочулар социалдык-экономикалык өнүгүүгө байланышкан бир катар маселелерди көтөрүштү. Атап айтканда, жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу, транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, суу менен камсыздоо, ирригация жана дарыя жээктерин бекемдөө маселелери талкууланды.
Ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы инфратүзүмдү жаңылоо, медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу, билим берүү жана маданият объекттерин өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди.
Диалог учурунда жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, мыйзамдуулукту сактоо, жарандардын укуктарын коргоо, ошондой эле ишкердикти жана туризмди өнүктүрүү боюнча сунуштар айтылды.
Жыйынтыгында Президент мамлекеттик органдарга бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. Алардын ичинде жол жана көпүрө куруу долбоорлорун кароо, ирригация жана жээк бекемдөө иштерин күчөтүү, районду атайын техника менен камсыз кылуу бар.
Мындан тышкары, саламаттык сактоо объекттерин этап-этабы менен модернизациялоо, жаңы медициналык мекемелерди куруу жана социалдык объекттерди жаңылоо тапшырылды.
Президент көтөрүлгөн бардык маселелер жеке көзөмөлүндө болорун белгилеп, аларды чечүү аймактын өнүгүү артыкчылыктарына ылайык жүргүзүлөрүн билдирди.