Башкы беткеМаанилүүПрезидент Садыр Жапаровдун Азербайжан Республикасына болгон иш сапары уланууда

Президент Садыр Жапаровдун Азербайжан Республикасына болгон иш сапары уланууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Президент Илхам Алиевдин чакыруусу боюнча Азербайжан Республикасына болгон иш сапарын улантууда.

Кечээ Президент Садыр Жапаровду Азербайжандын Илим жана билим берүү министри Эмин Амруллаев жана башка расмий өкүлдөр тосуп алышты.

Иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кезектеги Саммитине катышат. Саммиттин жүрүшүндө аймактык жана эл аралык маанидеги маселелер талкууланып, Кыргыз Республикасынын ТМУдагы төрагалыгынын жыйынтыгы чыгарылат.

Жыйынтыгында уюмга мүчө мамлекеттердин саясий, экономикалык, маданий жана гуманитардык кызматташтыгын чыңдоого багытталган Габала декларациясына жана бир катар маанилүү чечимдерге кол коюу пландалууда.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар