Башкы беткеМаанилүүЫйык Орозодо ок атышпайт

Ыйык Орозодо ок атышпайт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 16-мартта БУУда Исламофобияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналган жогорку деңгээлдеги иш-чарада сөз сүйлөп, Кыргызстан диндер аралык диалогду, сабырдуулукту жана маданий, диний көп түрдүүлүктү сыйлоо саясатын ырааттуу түрдө жайылтып келерин белгиледи.
Эдил Байсалов Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга токтолуп, президент Садыр Жапаровдун аймактагы кырдаалдын курчушуна терең тынчсызданганын билдирди. Ошондой эле Кыргызстан бардык тараптарды болушунча сабырдуулукка, согуштук аракеттерди токтотууга жана БУУнун уставына, эл аралык укуктун эрежелерине ылайык конструктивдүү диалогду кайра баштоого чакыра турганын белгиледи. Кыргыз делегациясынын БУУдагы билдирүүсү кырдаалга шайкеш, актуалдуу жана колдоого алынууга тийиш.

Үч апта мурда башталган АКШ жана Израил менен Ирандын кармашы улам кулач жайып, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жакшы эмес. 20-мартта ыйык Орозо күнү, бардык мусулмандар үчүн куттуу күн. 21-март болсо Нооруз. Көп мамлекеттерде чоң расмий майрам, анын ичинде Иран үчүн улуу майрам. Кур дегенде ушул күндөру тараптар бири бирине ок атышпай, кан төкпөй турушу керек. Дипломатиялык аракеттер ушуга багытталганы оң.

Гезит

Башкаруудагы айымдардын орду

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясы болуп өттү. Бул дүйнөлүк денгээлдеги иш-чарада гендердик тенчиликти илгерилетүүгө, аялдар менен...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар