Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2028-жыл Кыргызстанда улуу жазуучу, гуманист жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдык мааракесине арналган Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыяланды.
Документте белгиленгендей, бул чечим кыргыз элинин бай маданий жана руханий мурасын сактоо, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк адабияттын өнүгүшүнө жана гуманисттик баалуулуктарды жайылтууга кошкон зор салымын даңазалоо максатын көздөйт.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- 2025-жылдын аягына чейин мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзөт;
- 2026-жылдын биринчи кварталынын соңуна чейин Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын планын иштеп чыгып, бекитет;
- Талас облусунун Шекер айылындагы “Чыңгыз-Ордо” музей-комплексин “Айтматов ааламы” деп кайра атап, анын курулушун аяктоо жана инфраструктурасын эл аралык маданий туризмдин стандарттарына ылайык келтирүү иштерин камсыздайт;
- Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын эл аралык деңгээлде жайылтуу, анын мурасын изилдөө жана чет өлкөлөрдө көргөзмөлөрдү, конференцияларды өткөрүү боюнча чараларды күчөтөт;
- ЮНЕСКОнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында Айтматовдун 100 жылдыгын белгилөө демилгесин көтөрөт;
- “Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыкты” уюштуруу боюнча сунуштарды даярдайт;
- Жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу көркөм жана документалдык фильмдерди жаратуу долбоорлорун ишке ашырат;
- Мааракеге арналган масштабдуу маданий-агартуу иш-чараларын өткөрөт жана атайын коллекциялык алтын монетаны чыгарууну камсыздайт.
Жарлыкта ошондой эле мамлекеттик органдарга, демөөрчүлөргө жана эл аралык өнөктөштөргө Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча биргелешкен иштерди координациялоо тапшырылды.
Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

