Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында ERIK долбоорунун алкагында №65-Б.Абдрашев атындагы жаңы мектептин курулушу толук аяктап, пайдаланууга берилди. Мурда мектеп 1978-жылы пахта кампасы катары курулган эски имаратта иштеп келген.
Жаңы эки кабаттуу мектеп 150 окуучуга ылайыкталган, жалпы аянты 1699,5 чарчы метрди түзөт. Имарат жер титирөөгө туруктуу, энергияны үнөмдөөчү технологиялар менен жабдылган жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн толук ыңгайлаштырылган. Мектепте 10 окуу кабинети, спорт залы, жыйындар залы, ашкана, китепкана, медициналык бөлмө, химия жана физика лабораториялары бар. Ар бир класста аба алмаштыруучу каражаттар орнотулган.

Имараттын аймагы да көрктөндүрүлүп, видеобайкоо системалары жана заманбап санитардык-гигиеналык шарттар түзүлдү. Мектеп резервдик электр генератору менен камсыздалган.
ERIK долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунда 14 мектеп жаңыланмакчы. Алардын үчөө колдонууга берилди, эки мектепте курулуш жүрүп жатат, дагы экөө тендер стадиясында. Өлкө боюнча жалпы 40 мектептин курулушу жана реконструкциясы пландалган.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Дүйнөлүк банктын кызматташуусу аркылуу ишке ашууда.

