Башкы беткеРубрикаларАймактарОштогу мектептер президенттин атынан 62 интерактивдүү панел алышты

Оштогу мектептер президенттин атынан 62 интерактивдүү панел алышты

Президент Садыр Жапаровдун атынан жөнөтүлгөн интерактивдүү панелдердин кезектеги партиясы Ош шаарына жеткирилди. Х. Абдуллаев атындагы №41 мектеп жана Федченко атындагы №1 мектеп жалпы баасы 12,4 миллион сом болгон 62 панелге ээ болду. Бул тууралуу Ош мэриясы кабарлады.

Жаңы жабдууларды шаар мэри Жеңишбек Токторбаев өз колу менен тапшырып, заманбап технология мугалимдер үчүн чоң колдоо болуп, окуучулардын кызыгуусун арттырып, билим берүү процессин жеңилдетерин белгиледи.

Буга чейин да шаардагы сегиз билим берүү мекемесине 14 интерактивдүү панел берилген. Мэриянын маалыматына караганда, өлкө башчынын атынан мектептерди заманбап техника менен камсыз кылуу иши мындан ары да улантылат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар