Башкы беткеСаясат жана коомКоомАйдоочулук күбөлүктү алмаштыруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү тапшырылды

Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү тапшырылды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процессин жөнөкөйлөштүрүү үчүн “Өкмөттүн акселераторлору” программасынын алкагында жаңы чакырык башталганын билдирди.

«Биз ар бир айдоочуну түйшөлткөн көйгөй болгон айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктарды чечүүнү көздөп жатабыз. Бул көйгөйгө дээрлик ар бир жаран туш болуп, ал күнүмдүк жашоого таасирин тийгизет», — деди Адылбек Касымалиев.

Ошондой эле азыркы система жарандардын мамлекеттик органдарга бир нече жолу келип, көпкө кезек күтүүсүн талап кылып жатканын белгиледи.

“Учурда айдоочунун күбөлүгүн алмаштыруу үчүн жаран кеминде эки жолу мамлекеттик органга барып, сааттап кезекке турууга аргасыз болууда. Алгач кагаз жүзүндө арыз берүүгө бир жарым саатка чейин убакыт коротот, андан кийин башка күнү даяр сертификатты алганы келет. Бул процесстин жалпы күбөлүктү чыгарууга кеткен убакыт, кеминде 4 жумушчу күндү түзөт, 21-кылымда мындай процесс болбошу керек. Маселен, 5 түрдүү кагаз документти чогултуу, бир мекеменин ичиндеги бир нече иш бөлмөгө баруу – бул убакытты жана каражатты гана талап кылбастан, жарандарга негизсиз ыңгайсыздыктарды жаратат”, — деди өкмөт башчы.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2024-жылы 124 520 улуттук айдоочулук күбөлүк берилген болсо, анын 54 481  алмаштыруу жолу менен; 2025-жылдын биринчи 6 айында берилген 85 816 күбөлүктүн 47 253 алмаштыруу жолу менен берилген.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, көйгөйдүн тамыры айрым мамлекеттик кызматтардын бытырандылыгында, онлайн кайрылуу жана төлөм мүмкүнчүлүктөрүнүн жоктугунда, кагаз жүзүндө документ жүгүртүү басымдуулук кылып жатат.

Тапшырмага ылайык, бардык процесстер онлайн форматка өтүп, арыз берүү, керектүү документтерди жүктөө, төлөм жүргүзүү жана даяр сертификатты алуу “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жүргүзүлүшү керек. Бул иш-чараларды 100 күндүн ичинде ишке ашырылууга тийиш.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар