Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШ менен виза режимин жеңилдетүү маселесин талкуулоодо. Министр Жээнбек Кулубаев маалымат жыйынында АКШ тарабынан кирүү үчүн белгиленген 15 миң долларлык күрөө сумма Кыргызстандын шарттарына салыштырмалуу жогору экенин, бирок бул америкалык миграциялык саясаттын бир бөлүгү экенин билдирди.
Министрдин айтымында, кыргыз тарап өз сунуштарын АКШга жеткирип, алардын талаптарын эске алуу менен сүйлөшүүлөрдү улантууда. Учурда АКШда 40 миңге жакын кыргызстандык студенттер жана иштеп жүргөн жарандар бар.
Кулубаев белгилегендей, визасыз жүргөн же виза режимин бузган жарандар миграциялык органдар тарабынан депортацияланышы мүмкүн. Буга чейин 20га жакын адам депортацияланган, дагы 20га жакын учур күтүлүүдө. Бирок документтер толук жана туура таризделсе, жарандардын ал жакта жүрүүсүндө көйгөй жаралбайт.
ТИМ ошондой эле чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктарды легалдуу каттоо жана консулдук кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча иш жүргүзүп жатканын кошумчалады. Эске салсак, 2026-жылдын 21-январынан тартып, АКШга B-1 жана B-2 визаларын алуу үчүн кайрылган жарандар 5 миңден 15 миң долларга чейинки кайтарылуучу күрөө төлөшү талап кылынат.


