whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
22.1 C
Бишкек

Арстанбектин арманы

Көбүнчө ушул Ат–Башы, Нарын ичиндеги тынымсейиттин жакшылары имиш. Чакырык Анжияндын беги, кадимки Алымбек даткадан экен дешти. Алымбектин Анжиян менен аркадагы кадырын, баркын билген жакшылар чакырык колго тийгенден  кийин эртелеп жолго камынып, аттанбасак болбойт деп камынып калышты. Илгертен каттап жүргөн жол эле дешип, Куртканын чебинен ашып, Нарындан кечип өтүп, Ошко, андан ары Анжиянга жол тартмак болушту. Бул кабар Арстанбектин да кулагына жетти. Угаар замат, эл көрсөм, жер көрсөм деп эки көзү төрт болуп жүргөн жаш ырчы атасына атайын жолугуп, тилегин айтты. Ошондо жашы он алтыга жаңы караган кези.

Сөзгө чебер, акылы тунук Арстанбек:

– Атаке, мен дагы   эл таанып, жер тааныйын. «Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны» деген кеп бар экен, сиздин дооруңузда Анжиянды бир көрүп калайын, – деп ой–пикирин ачык айтып, атасынан бир ооз  жооп күттү.  Аны уккан атасы Буйлаш  адатынча теңирден тескери кетип:

– Өй, сага Анжиянда эмне бар, Анжиян сага Жуукунун жайлоосу эмес, эң кеминде эки-үч күндүк жол. Биз той-ашка эмес, шашылыш чакырык менен кетип баратабыз. Эл кыдырганды эмне кыласың, ээликпей мал–жанды кара, жатакчыларга көз бол. Бар, жумушуңду кыл! – деп эшик тарапка ээк жаңсады. Чык үйдөн дебесе да ошого жакын сөз этти.

А бирок Арстанбекте да бир кишиге жете турган мүнөз, пейил бар эле. Буйлаштын бул сөзүн айта электе эле боолгоп, ошон үчүн ага анча деле теригип, ачууга алдырган  жок. Эл билермандары арыдан бери кетип кеңешип, кандай барабыз, кандай келебиз, даткага эмне тартуу даярдайбыз деп дүбүрөп аткан кезде, Арстанбек комузун колтугуна катып, жолго деп аздыр-көптүр азык-оокатын белендеп, элге чыксам кием деген ырымдуу тебетей, чепкенин бөктөрүнчөк кылып бөктөрүп, жолго камынды. Кандай болсо да барам деген ниетинен бир кадам кайра тартпады. Анын үстүнө атасы Буйлаштын көргөн сайын тилдегенине, кемсинте сүйлөп, ызырынганына жедеп көнүп калган кези эле.

Ары ойлонуп, бери ойлонуп көрүп, Байсерке жээн мингич кылып жүргөн асый чыкма торуну сурабай эле жүгөндөп алды. Башым аман болсо бир атты Байсеркеге таап берээрмин деп айтпай–этпей жолго минип кете турган болду.

Ошентип, үрүл-бүрүлдө үзөнгүгө бут салган эл жакшыларынын артынан тымызын жолго чыкты. Куртканын чебине, чеп жайгашкан Айгыржалга чейин туура бир күн сапар чегишти. Белди ашаарда бир күн аттарды дем алдырып, суутуп алалы деген жакшылар  Нарын суусунун оң жээгинен түнөгөнгө ыктуу жер таап, мерген жатыш кылып, таң атырышты. Алардын баскан-турганын алыстан байкап жүрүп отурган  Арстанбек, тигилер жолго чыгаар замат атын кошо чү деди. Эртеси кеч бешимде Ошко жете келип, көз байланган ченде  Мадыга кирип келишти.

Ошко келген соң аркадан ат арытып келген эл жакшыларынын артынан ээрчип отур-байын деп, жаш ырчы кадимки эле кербен сарайга токтоп, атын дем алдырып, ал жердеги эл-журт  менен амандашып, баарлашып, ал жай сурашты.  Сөзгө чебер, нарктуу кепке башынан ыктуу Арстанбек ошентип жалаң карапайым элге жакындыгынан, ким менен болсо да тил табышканды жакшы билгендигинен жергиликтүү калкка тез аралашып, керек болсо балдай ширин  акындык сөзү менен, ал аздык кылса  миңтүрлөнүп сайраган комузу менен жергиликтүү кыргыздардын көңүлүн ачты, таң  калтырды, аркадан келген айтылуу ырчы, катта комузчу келиптир деп тегерек четке тез  тааныла баштады.

Атасынын айтканын укпай, бел ашып келгенине Арстанбек бир да өкүнгөн жок. Кайра көргөн-билгендери менен бөлүшүп, эл арасында аты чыкты. Даңкы далайга кетти. Жууку менен Кылдоодон ары чыкпай, акындыгын алыс менен жакынга жакшы тарата албай думугуп жүргөн Арстанбек эми байлоодогу жибин үзгөн боз жоргодой арышын керди, төгүлүп ташты. Ырдашам, күү чертишем дегендер менен эч бир тартынбай беттешип жүрдү. Сууту бышып, төрт туягы тыбырчылаган күлүктөй элирип, Арстанбек кимиси келсе да жеңип жүрдү, бирок эч кимисин кордобой, эл ичиндеги аты-жөнүнө шек келтирбей, ызаат жана урмат менен узатып жүрдү.

Ошол арада аркадан келген эл жакшыларын Алымбек датка конок алыптыр, бирок Кокондун аркадагы кыргыздардан  ала турган аласасы көп экен, жыл сайын чогулта турган алымы менен салыгы чектен ашып кетиптир дешти. Ошол карызды кайтарганга так жооп алганга чейин Алымбек конокторду кайтарууга алып коюптур, алар турган ак үйдү сарбаздар кайтарат экен  деген сөз тез эле эл ичине тарап кетти. Өзгөн менен Гулшаага чейин барып, эл аралап дуулдап жүргөн  Арстанбекке да жетти ал сөз. Алайдын элин аралаганда Алымбекке да аты угулганын, Анжиян менен Оштун акими аталган датка аркадан келген ак таңдайды ордосуна чакырсам деген ниети бар экенин билди. Арстанбектин эмки ою аты алыска даңаза даткага бир жолугуу
болду…

(Уландысы бар)

Осмонакун ИБРАИМОВ

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар