Сентябрь айынан баштап өлкөдө бюджеттен бөлүнгөн каражатка жасалып жаткан иштерди комиссия текшерет. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 27-июнда Фейсбуктагы расмий баракчасына пост жазып,казынадан социалдык жана башка курулуш иштерге деп бөлүнгөн акча уурдалган окуялар бар экенин билдирди.
«Миллион сом уурдап, аны кайра он эселеп кайтарып, андан сырткары түрмөгө түшүү кимиңерге керек? Менимче эч кимиңерге керек эмес болсо керек?», — деп жазды мамлекет башчысы.
Президент Садыр Жапаров быйыл Токмок менен Кара-Балта шаарларына 1 миллиард сомдон бөлүнгөнүн, бирок көзгө көрүнөрлүк иш жасалбаганын сынга алды.
“Сентябрь айынан баштап бүткүл өлкө боюнча казынадан акча бөлүнүп берилип жасалып жаткан иштер, курулуп жаткан курулуштар, асфальтталып жаткан жолдор боюнча адистерден топтолгон комиссия түзүлүп, канча акча колуңарга тийди, кандай жумуштар аткарылды, канчага аткарылды, канчасы уурдалды жалпы өлкө боюнча текшерүү жүргүзөбүз. Муну мен жеке өзүм колго алам. Кимде-ким уурдаган болсо, он эселеп кайтарасыңар жана камаласыңар”, — деп жазды өлкө башчы.
УКМК билдиргендей, Токмок шаарынын мурдагы мэри Максат Нусувалиев, мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси (Т.у.А.), техникалык көзөмөл боюнча адис (А.А.Э.) жана “Аль-Кадыр-Сантехсервис” ишканасынын башчысы (К.Т.Э.) 24-августка чейин камакка алынды.
Шектүүлөр 24-июнда Токмоктогу жыйын учурунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин буйругу менен кармалган.
Расмий маалыматка ылайык, “Аль-Кадыр-Сантехсервис” компаниясы Токмоктогу спорт мектебин жана сейил бакты оңдоп-түзөө иштери боюнча тендердин жеңүүчүсү болуп аныкталып, мамлекеттик сатып алуунун жалпы суммасы 61 миллион сомдон ашкан. Иш 2024-жылдын башында башталып, бирок жумуштар ушул күнгө чейин аягына чыккан эмес.
Спорт мектебинин имаратын оңдоого тендердин суммасы 16 млн 400 миң сомду түзсө, ал эми сейил бакты көрктөндүрүү 44 млн 283 миң сом болгон. Тергөөдө мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзам бузулганы аныкталган.
Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.
«Мейли ким болбогула эч кимиңерди аябайбыз. Мурдакы заманыңарды унуткула.