Башкы беткеМаанилүүКыргыз-азербайжан алакасынын өнүгүү багыттары талкууланды

Кыргыз-азербайжан алакасынын өнүгүү багыттары талкууланды

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Гандилов менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулап, саясий диалогду бекемдөөгө жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту, ошондой эле өз ара сапарлардын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Көп тараптуу түзүмдөрдүн, анын ичинде БУУ, ТМУ, ШКУ жана АӨИЧК уюмдарынын алкагында өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелерине артыкчылыктуу көңүл бурулду.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар