Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыNASA кызматкерлеринин 20%ын жумуштан бошотот

NASA кызматкерлеринин 20%ын жумуштан бошотот

АКШнын Аэронавтика жана космосту изилдөө боюнча улуттук агенттиги — NASA кызматкерлеринин 20 пайызын жумуштан бошотот. Бул тууралуу «Коммерсант» басылмасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, агенттиктеги 18 миң кызматкердин ичинен 3870 киши жумуштан кетет. Алардын көбү агенттик менен макулдашып, өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө макул болушкан. Бул кадам мурдагы президент Дональд Трамптын мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу саясатынын алкагында жүргүзүлүүдө.

Буга чейин, июль айында NASAнын 300гө жакын кызматкери Ак үй менен агенттик жетекчилигине ачык кат жолдоп, кыскартуулар агенттиктин дүйнөлүк лидерлигине жана Ай менен Марска багытталган долбоорлорго залакасын тийгизиши мүмкүн экенин эскертишкен.

Гезит

Где искать спрос

Центральная Азия как рынок для Кыргызстана        Регион перестает быть периферией мировой экономики и все больше функционирует как самостоятельный рынок. Внутрирегиональная торговля растет, производственные связи...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар