Энергетика министрлиги билдиргендей, «Камбар-Ата-1 ГЭС» долбоору пландуу негизде уланууда жана курулуш иштеринин негизги бөлүгү ийгиликтүү аяктап келет.
Бүгүнкү күнгө карата Бишкек – Ош унаа жолун станцияга байланыштыра турган жолдун болжол менен 90% бүткөрүлдү, ошондой эле 126 метр узундуктагы транспорттук туннел казуу толук аяктады. Бул курулуш техникаларын жайгаштырууну камсыздайт.
Учурда 110 кВ электр берүү линиясы жана көмөк чордон куруу иштери уланууда, ал курулуш аянтчасын электр энергиясы менен камсыздайт. №2 тилкеден ГЭСке чейинки жолдун болжол менен 85% бүткөрүлдү, көпүрөнүн тирөөчтөрүнүн негизги бетон иштери аяктап, үстүңкү конструкцияларды орнотуу иштери жүрүп жатат. Жалпысынан курулуш иштеринин 40-50% бүткөнү маалымдалды.
Мындан тышкары, куруучулар жана инженерлер үчүн 100 орундуу вахталык лагердин болжол менен 60% бүткөрүлдү.
Белгилей кетсек, бул стратегиялык “Кылым долбоору” 1 860 МВт кубаттуулугу менен Борбор Азиядагы эң ири энергетикалык объект болуп, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын жана экономикалык туруктуулугун камсыз кылат.

