whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
30.04.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКыргызстан Евробиримдик үчүн маанилүү өнөктөш

Кыргызстан Евробиримдик үчүн маанилүү өнөктөш

Өткөн аптада Евробиримдиктин эл аралык өнөктөштүк боюнча комиссары Йозеф Сикела президент Садыр Жапаров жана башка кыргыз бийлигинин өкүлдөрү менен жолуккан эле. Жалпыга маалымдоо каражаттарына берген интервьюсунда ал Кыргызстанды Евробиримдик үчүн маанилүү өнөктөш өлкө деп, ал эми Тажикстан менен чек ара боюнча тарыхый келишимге кол коюлушун эки өлкөнүн тең элинин жашоосун жакшырта турган жетишкендик катары баалады. Төмөндө Еврокомиссардын маегинен үзүндүлөрдү келтиребиз.

Камбар-Ата-1 долбоорун колдойбуз

“Биз биргелешип Кыргызстандын элине пайдасын тийгизип, ошондой эле аймактык кызматташтыкка салым кошо турган конкреттүү долбоорлорго көңүл буруудабыз. Суу чарбасы биз үчүн негизги багыт болуп саналат. Кыргызстандык дыйкандарды колдоо, климатка туруктуулукту бекемдөө жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу үчүн ирригациялык системаларды модернизациялоонун үстүндө иштеп жатабыз.

Энергетика дагы бир негизги тармак. Камбар-Ата-1 ГЭСи эки тарап үчүн тең артыкчылыктуу. Бул Кыргызстан үчүн таза энергиянын булагы болгон ири долбоор гана эмес, энергетика жана суу ресурстарына байланган жалпы көйгөйлөрдү чечүүгө өбөлгө болчу аймактык кызматташтыктын символу. Камбар-Ата-1 долбоорун Евробиримдикке мүчө мамлекеттер жана каржы институттары менен бирге жакындан колдоого даярбыз. Каржылоодон тышкары, европалык компаниялар ГЭСтин курулушунда инженердик, пландоо же көзөмөлдөө, анын экологиялык жана социалдык эң жогорку стандарттарга жооп беришин камсыздоо максатында салым кошуу үчүн дүйнөлүк деңгээлдеги тажрыйбага ээ.

Биз Европа инвестициялык банкы (ЕИБ), Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРөБ) жана башка институттар менен бирге 500 млн. евродон ашкан насыяларды Европа Комиссиясынын каржылоосу менен ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Биздин максат – Кыргызстан үчүн жагымдуу негиз түзүү, ошондо бул өтө маанилүү долбоор илгерилейт.

Кыргызстандын Европаны маанилүү чийки зат менен камсыз кылууда келечектеги өнөктөшүнө айлануу мүмкүнчүлүгү да бар. Ошондой эле биз кен байлыктарын иштетүү боюнча европалык стандарттар экологиялык жана социалдык коргоону камсыз кылууга кантип колдонулса болорун талкуулап жатабыз”.

Кыргыз ишкерлерин Европа рыногуна чакырабыз

“Санариптештирүү жана билим берүү жаатындагы алгылыктуу кызматташуубузду улантып жатабыз. Евробиримдик алыскы аймактарга жогорку ылдамдыктагы интернетти жеткирүү үчүн спутник байланышын сунуш кылууда. Санариптик ажырымды жоюу жана өлкөнүн бардык аймагындагы калк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу максаты бар.

Биз ошондой эле Евробиримдик менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын жаңы багыттарын ача турган «өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө кеңейтилген макулдашууга» жетишүүнүн соңуна чыгууга кызыкдарбыз.

Биз саясий шарттар менен эмес, өз ара пайдалуу кызматташтыкты, туруктуу өнүгүүнү колдоону жана адам укуктарын урматтоону талап кылабыз.

Мисалы, биздин Global Gateway деген стратегиябыз энергиянын таза булактарына, транспортко, суу ресурстарына жана санариптик өнүгүү сыяктуу Кыргызстандын келечеги үчүн маанилүү болгон тармактарга инвестиция тартууну көздөйт.

Биз ошондой эле Артыкчылыктардын жалпыланган системасы (GSP+) аркылуу Евробиримдиктин рыногуна жеңилдетилген шартта кирүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайбыз. Бул Кыргызстандын продукциясын Европага экспорттоого жардам берет.

Ал эми европалык компаниялар өнөр жайды модернизациялоо жана жумуш орундарын түзүү үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылган алдыңкы жашыл технологияларды алып келишет.

Албетте, биз олуттуу жана узак алака-катышы бар өнөктөшпүз. Биздин өнөктөштүгүбүз Кыргызстан жана кеңири аймак үчүн олуттуу пайдасын тийгизет деп ишенем.

Мен келечекте дагы Кыргызстан үзүрлүү кызматташтык жана реформаларды ишке ашыруу менен Кыргызстан GSP+ статусун сактап калат деп ишенем. Ал эми кыргызстандык ишкерлерди өндүргөн товарын Европага экспорттоо мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланууга чакырат элем” – деди комиссар Йозеф Сикела.

Сыргак ЭСЕНБЕК

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар