Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасында Жогорку Кеңешке болгон шайлоонун ийгиликтүү өтүшүнө байланыштуу президент Садыр Жапаровду куттуктады. Бул тууралуу 30-ноябрда казак лидери жолдогон куттуктоо телеграммасында айтылат.
Мамлекет башчысы шайлоонун жыйынтыгы Кыргызстанындагы саясий туруктуулуктун жана өлкөнүн алдыга карай ишенимдүү кадам таштап жаткандыгынын айкын белгиси экенин белгиледи.
«Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы — сиз жүргүзүп жаткан күчтүү жана гүлдөгөн мамлекет куруу максатынын эл колдоп жатканын көрсөттү. Казакстан менен Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелеринин динамикалуу өнүгүп жатканы кубандырат. Көп кылымдык достукка, жакын коңшулукка жана өз ара колдоого таянып, эки өлкө ортосундагы кызматташууну жаңы бийиктиктерге чыгара алабыз деп ишенем», — деп жазды Токаев.
Казакстан президенти Садыр Жапаровго мурдагыдай эле жооптуу ишинде ийгилик каалап, кыргыз элинин жыргалчылыгы үчүн аткарып жаткан аракеттерине ийгиликтерди тиледи.

