Тажик тарапка «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайынын жарымы берилип, ордуна 750 гектар жер алдык. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Ак-Суу» суусу башынан баштап ортосунан бөлүнүп келе жатат дагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына келгенде бөлүнбөй калып жатат. Алар «ортосунан бөлсө болот» десе, биз «бөлбөйбүз» деп эки жылдай талашып жүрдүк. Акыры «эгер бөлө турган болсок бизге компенсация бересиңер» деп ошол жердеги 3 люкту 1,5 люктан бөлдүк. 1,5 люк бизде калды, 1,5 люкту аларга бердик. Ал 3 метр же 4 метрге жетпеген жер. Ошонун эсебинен алардан 750 гектар алдык«, — деген Ташиев кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан менен түзүлгөн келишим боюнча маалымат берип жатып.
УКМК төрагасы тажиктерден алган 750 гектар кайсы жерлер экенин тизмектеп берди:
Унжу-Булак участогунан 500 гектар жерди алдык. Бул Чоң-Алайдагы чырлуу жер болчу
Кароол-Дөң участогунан 100 гектар жер алдык. Бул Сүлүктүгө кире бериш жер. Тажиктердин чек арасы жолдун үстүнө чейин болчу. Ошону 100 гектарга чейин ичине киргизип, негизги трассанын боюнан жылдырдык
Катта-Туз участогунан 150 гектар жер алдык. Катта-Туз бирде тажиктерде, бирде бизде болуп ызы-чуу болуп жүрчүбүз. Документтердин баарын текшерип чыксак, ал участок бизге бөлүнгөн эмес экен. 600 гектарды ээлейт, ал жакта нефть скважиналары бар. Буга чейин анын 300үн биз алып, 300ү аларда болчу. Компенсациянын эсебинен алардагы 300 гектардын дагы 150 гектарын алдык. Ошондо Катта-Туздун 450 гектары бизде калды.