Жакынкы Чыгыштагы абал курч бойдон калууда

0
1046

АКШ жана Израиль Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи каза болгондон кийин Иранга каршы соккуларын күчөтүүдө. Кырдаал Иран жооп иретинде сокку урганын жарыялагандан соң дагы да курчуду.

Ирандык маалымат каражаттары Кызыл Жарым Ай коомунун маалыматына таянып, өлкөнүн 31 провинциясынын 24үндө соккулар болуп, кеминде 201 адам каза тапканын кабарлашты. Ошондой эле 740 адам жаракат алганы айтылды.

Жекшемби күнү Тегеран шаарында миңдеген адамдар мамлекеттик желектерди көтөрүп көчөгө чыгып, жогорку лидердин өлүмүнө байланыштуу аза күтүү иш-чараларына катышты.

Өлкөдө жаңы жогорку лидер шайланганга чейин башкарууну убактылуу жүргүзө турган атайын кеңеш түзүлдү. Кеңештин курамына президент Масуд Пезешкиан кирет. Ал кайрылуу жасап, куралдуу күчтөр душмандын аскердик базаларын бутага алып жатканын билдирди.

Иран АКШ менен Израилдин соккусуна жооп катары, Сауд Арабиясы, Бахрейн, Катар жана Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу Перс булуңундагы мамлекеттердеги АКШ базаларына жана башка объектилерине сокку урган.

Бириккен Араб Эмираттарынын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, өлкө тарапка 165 баллистикалык жана эки канаттуу ракета, ошондой эле 540 учкучсуз учуучу аппарат багытталган. Үч чет элдик жаран каза болуп, 58 адам жеңил жаракат алган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз