OPEC+ курамындагы сегиз өлкө апрель айында чийки мунай өндүрүүнү көбөйтөрүн билдирди. Мындай чечим АКШ менен Израилдин Иранга жасаган соккулары фонунда Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу күчөп, мунай жеткирүүлөрүнүн туруктуулугуна байланыштуу кооптонуулар арткан маалда кабыл алынды.
Ири мунай өндүрүүчүлөр, анын ичинде Сауд Арабиясы жана Россия, жекшемби күнү онлайн форматта жыйын өткөрүштү. Анда апрель айында өндүрүш көлөмүн суткасына 206 миң баррелге көбөйтүү макулдашылды. Бул өткөн декабрдагы өсүшкө салыштырмалуу дээрлик 70 миң баррелге көп.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу кооптонуулардан улам Нью-Йоркто WTI маркасындагы мунай фьючерстеринин баасы жума күнү баррелине 67 доллардан жогору көтөрүлдү. Бул август айынан берки эң жогорку көрсөткүч болуп саналат.
Ирандын Тасним маалымат агенттиги Ормуз кысыгы дээрлик жабылганын кабарлады.
Ормуз кысыгы Перс булуңундагы өлкөлөрдөн мунай ташуунун негизги деңиз жолу болуп эсептелет. Соодагерлер кысык иш жүзүндө жабык бойдон кала турган болсо, мунай баасы мындан ары дагы өсүшү мүмкүн деп божомолдошууда.


