Бишкек – Кувейт аба каттамдары убактылуу токтотулду

0
3295

1-марттан тарта Бишкектен Кувейтке болгон түз аба каттамдары токтотулду. Бул тууралуу Манас эл аралык аэропортунун өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Жакынкы Чыгыш аймагындагы кырдаалга байланыштуу коопсуздук максатында кабыл алынган. Каттамдардын качан калыбына келери азырынча белгисиз.

Буга чейин Бишкектен Дубай, Шаржа жана Жидда шаарларына да аба каттамдары белгисиз мөөнөткө токтотулганы маалымдалган.

Жүргүнчүлөргө авиакомпаниялар менен байланышып, каттамдардын абалы боюнча так маалымат алуу сунушталат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз