whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.03.2025
6.1 C
Бишкек
Башкы беткеЖогорку кеңешДостук айылы тажик тарапка берилип, ордуна 91 гектар жер алынды

Достук айылы тажик тарапка берилип, ордуна 91 гектар жер алынды

Достук айылы толугу менен тажик тарапка берилип, ордуна 91 гектар жер компенсациясы менен алынды. 

Айылдагы жаңы салынган үйлөрдүн ордуна компенсация катары Тажикстандын Лаккон участогунан 30 гектар суулуу жер Кыргызстанга өттү.

“Достук айылын толугу менен тажик тарапка бердик, анкени ал биздин айылдардан эң алыс жайгашкан. Айылдан бизге стратегиялык же экономикалык пайда жок. 91 гектардын ордуна 91 гектар жер алдык. Бирок тажик тарапка жаңы үй курганбыз деп шарт койдук. Чек ара заставабыз да бар, ошону дагы кошуп бердик. Ушуга компенсация деп Карабак айылынын жанынан 30 гектар суулуу жер алдык. Достук айылындагыларды ал жерге көчүрүп, тургундарга кайрадан үй салып беребиз”,
— УКМК төрагасы Ташиев.

Президенттик администрация Тажикстан менен чек ара маселесиндеги Достук айылы боюнча тактоо киргизди.

«Айрымдар чек ара боюнча алмашылган Достук айылы тууралуу так эмес маалымат таратып, аны Лейлек районуна караштуу Достук айылы менен алмаштырып жатышат.

Бул Баткен районундагы Достук айылы жөнүндө сөз болуп жатат. Мурунку аты – Суу боюндагы Карабак. Айылдын жалпы аянты 35 гектар жана ал чакан айыл болуп эсептелет. Лейлек районундагы Достук айылына эч кандай тиешеси жок экенин билдиребиз»,- деп айтылат маалыматта.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар