Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча баяндама жасап жатат.
«Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүн делегациялары 45 протоколго, топографиялык жумушчу топтор 86 жана укуктук маселе боюнча жумушчу топ 25 протоколго кол коюшкан. Эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 1006, 84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519, 9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, бекитилген. Калган 486, 94 чакырымы акыркы 3 жылдын ичинде такталды. Бекитилген 519, 9 чакырым чек ара тилкеси боюнча тажик тарап кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим даярдап, кол коюуну сунуштаган. Бирок кыргыз тарап чек ара чечилип бүтмөйүнчө кол коюуга макул болгон эмес. Себеби аталган чек ара тоолуу аймактарды камтып, эл жыш жайгашкан жана чыр-чатактар көп катталган аймактардын чек арасы толук такталган эмес эле»,- деди УКМК төрагасы.
«Мамлекеттик чек ара бир тараптуу чечилбейт. Эки тараптын тең кызыкчылыгын карадык. Бир тараптуу чечилген чек ара жакшылыкка алып келбейт. Себеби экинчи тарап да ыраазы болушу керек. Тажик тарап менен тыгыз байланышта иштеп, керектүү жерлеринде алар, керектүү жерлеринде биз түшүнүшүүгө барып атып, чечтик»,— деди ал.