Башкы беткеСаясат жана коомКоомРепрессиянын курмандыгы болгон

Репрессиянын курмандыгы болгон

Кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири, тарыхта белгилүү болгондой Сталиндик репрессияда репрессиянын курмандыгы болгон Кыргыз мамлекетинин мамлекет катары түптөлүшүнө далалат кылган Салихов Мурат жөнүндө Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтер архивинде сакталган өздүк делосунан алып, келечек муунга жарыялоону чечтик. Анын отуз үч жыл гана созулган өмүр жолун коомдун жана элдин алдында эскерүү ар бирибиздин парзыбыз.

Кыскача өмүр баянына токтоло кетсек. Мурат Салихов Ош кантонунун Баткен-Батум волостугуна караштуу Кара-Тоо кыштагында 1905-жылы кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 15 жашынан ата-энесинен ажырап тоголок жетим калып, Жунусбайдын койчусу болуп күн көргөн. Совет бийлиги орноп баштагандан кийин, Кокон шаарындагы жетимдер үйүндө тарбияланып, Педтехникумга тапшырып, ийгиликтүү окуп бүтөт. Андан Ташкент шаарындагы Эл агартуу институтунун студенти болгон. Эмгек жолун Ош шаарында Пропаганда жана агитация бөлүмүндө бөлүм башчы болуудан баштаган. 24 жашында Райисполкомдун төрагасы болуп, андан Кызыл-Кыя районунун Үч-Курган кыштагында райондук ВКП(б)нын катчысы, Кыргыз АССРнын Фрунзе шаарындагы Эл агартуу комитетинин орун басары кызматына чейин көтөрүлгөн. Партиялык билим алуу  максатында  Ташкент шаарындагы Марксисттик-Лениндик институтуна тапшырган. Мурат Салихов Чолпон Ата шаарындагы №54 Конезаводдун саясий бөлүмүнүн бөлүм башчысы, Түп районунун БКП(б)нын катчысы кызматтарын аркалаган.

1938-жылы Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин  токтому менен Мурат Салихов Кыргыз ССРнин Эл комиссарлар Советин  убактылуу жетектеп турган. Ошол эле жылдын май айында камалып, июль айында партиядан чыгарылат. Тилекке каршы, эмне үчүн камалганы боюнча өздүк делосунда ачык жазылган эмес, бирок Кыргызстан Борбордук Коммунисттик большевиктер партиясынын баяндама катында мындайча жазылган. Салихов Мурат жөнүндө түшкөн каралоо материалдар боюнча Николаевдин текшерүүсү боюнча билдирүүдө: чындыгында фамилиясы Мухамед-Салихов болгон, аты Мурат эмес, Мардан болгон. Салихов интернатта окуп жүргөндө мугалим Мухамед деген сөздү эки тамгага кыскартып кайталагысы келбей Масалихов деп койгон. Ал эми аты боюнча Мардана тажик тилинен орус тилине которулганда аялдардын галошу, же аялдардын ичиги деп которулат экен. Ошол жердеги жашоочулардын басымдуу бөлүгү тажик улутунда болгондуктан, бул сөз күлкүлүү болгон, ошол себептен 12 жашынан баштап Салиховдун туугандары Мардан дебей Мурат деп аташкан. Бул фамилиясы менен атын өзгөрткөнү эч бир социалдык, же башка бир коомдогу кылмыштарды жашыруу эмес экенин билдирген.

Ошондой эле Салиховдун ата-тегинин келип чыгышы боюнча партияга кандидат мүчөлөрүнөн сурамжылоо жүргүзгөн партиянын мүчөлөрү Джороев Абдурахман, Ишимканов, Мурзабеков Таныкул жана башкалар баардыгы тастыктады деп, тизмесин да көрсөткөн.

Салиховдун атасы төрт бир тууган болгон. Алар агасы Маманталы, агасы Сыдык (казы), атасы Масалы (Салихов Мураттын атасы), иниси Садык.

Салиховдун аталаш бир туугандарынан Сыдык казынын балдары кулакка тартылып репрессияга кетишкен, Мурат Салихов алар менен эч байланышы жок болгон. Бирок, Салихов Муратка Сыдык казынын баласын Мансурду Оштогу техникумга окууга орноштурду деген күнөө коюлат. Мурат Салихов бир нече ай окуган иниси Мансурду окууну таштап кетүүнү сунуштаган.

Салиховго ашкереленген буржуазиялык улутчул, Баткен райис-полкомдо жетекчинин орун басары болгон Садыков Самат менен байланыштырышат, бирок, эч кандай далил жок болгон, анткени ошол мезгилде Салихов Мурат Түп районунда иштеп турган.

Салихов Муратка дагы бир күнөөнү 10 жылга эркинен ажыратылган Рахматова Галара 1926-жылы  Аткаруу комитетинин башчысына Салихов көрсөткөн деп жалган маалымат беришет, бирок, бул дагы эч бир чындыкка жанашпайт. Себеби, бул мезгилде Салихов партиянын мүчөсү болгон эмес жана иштеген эмес деп акталган.

Бардык репрессияга кеткен ошол мезгилдеги Кыргыз мамлекетинин мамлекет катары түптөлүшүнө салымын кошкон дагы бир инсаныбыз Салихов Мурат 1938-жылдын май айында “эл душманы” деп камалып, партиядан чыгарылып, 5-ноябрда СССРдын Согуштук коллегиясынын Жогорку Сотунун чечими менен атууга кеткен.

Салиховдун бир тууганы Дастан Салиховдун жазган арызы менен Кыргыз ССРнин Министрлер Кеңешине караштуу КГБнын текшерүүсүнүн негизинде 1956-жылдын 17-ноябрында Салихов Муратка кылмыштык түзүмү жок деп табылып акталган жана Салиховдун Кубат жана Атыркүл аттуу эки баласына Министрлер Советинен жардам көрсөтүүсүн суранган.

А.ТАБЫШОВА,
КРБКСДАнын документтерди пайдалануу жана жарыялоо бөлүмүнүн жетектөөчү архивисти

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар